Россия: Польша атып түшүрүлгөн дрондордун Москва менен байланышына эч кандай далил келтире албайт
Польшанын президенти Карол Наврокки орус дрондорунун Польшанын аба мейкиндигин бузган деген айыптоодон кийин 48 сааттын ичинде Улуттук Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырды.
Россиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА шаршемби күнү орус дипломатынын айтымында, Польшанын атып түшүрүлгөн дрондорунун Россиядан чыккандыгына байланыштуу эч кандай далил сунуштай албагандыгын белгиледи.
Россиянын Польшадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Ордаштын :"Бул айыптоолорду негизсиз деп эсептейбиз. Бул дрондордун Россиядан чыккандыгына байланыштуу эч кандай далил келтирилген жок",- деп айтканы билдирилди.
Россиянын мамлекеттик медиасынын билдиргенине караганда Ордаш Польша бийлиги тарабынан чакырылды.
Ордаш РИА Новостиге берген маегинде Польшанын Тышкы иштер министрлиги саат 12:00дө (10:00 GMT) жыйынга чакырылганын жана Варшаванын түндө атып түшүрүлгөн дрондордун Россиядан келгендигине байланыштуу далилдерди азырынча көрсөтө албагандыгын баса белгиледи.
Польшанын президенти Кароль Навроцкий Польшанын Украинанын батышындагы Россиянын кеңири масштабдуу кол салуусу учурунда аба мейкиндигине кирген Россиянын дрондорун атып түшүрүүсү боюнча Улуттук Коопсуздук Кеңешин 48 сааттын ичинде чогултуу чечимин кабыл алды.
Польшанын премьер - министри : 19 эреже бузуу болду, 3 дрон атып түшүрүлдү
Польша премьер-министри Дональд Туск НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн түн ичинде аба мейкиндигинин 19 жолу бузулганын аныктаганын жана кеминде үч “орус” дронун атып түшүргөнүн билдирди.
Парламентте сөз сүйлөгөн Туск : “19 эреже бузуу так аныкталды... Азыркы учурда үч дрондун атып түшүрүлгөнү тастыкталды... Россиянын аракеттеринен улам жаракат алган же каза болгондор тууралуу маалымат жок,” - деп билдирди.
‘Мурда болуп көрбөгөн’ эреже бузуу
Европа Биримдигинин башчысы Урсула фон дер Ляйен Россиянын Польшанын аба мейкиндигинде "ойлонбостон жана болуп көрбөгөндөй" эреже бузгандыгын айтты.
Урсула фон дер Ляйен Европа парламентинин депутаттарына кайрылып: "Бүгүн биз Польшанын жана Европанын аба мейкиндигинде 10дон ашык орус "Шахид" дрондору менен жасалган, ойлонбостон жана болуп көрбөгөндөй эреже бузууларга күбө болдук", - деп айтып, Европанын Польша менен толук тилектеш экенин билдирди.
Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас да борбору АКШ болгон социалдык медиа компаниясы Xте жазган билдирүүсүндө : "Кечээ түнү Польшада согуш башталгандан бери Россия тарабынан ишке ашырылган олуттуу бузуусуна күбө болдук жана көрсөткүчтөр мунун кокустук эмес, атайылап жасалганынан кабар берет. Россиянын согушу бүтпөстөн, тескерисинче күч алууда. Москвага карата чыгымдарды көбөйтүшүбүз керек, Украинага колдоону күчөтүшүбүз керек жана Европанын коргонуусуна инвестиция салышыбыз керек", - деп жазды.
Каллас блок Чыгыш чек ара калканы коргонуу линиясы сыяктуу демилгелерди колдой турганын ырастады.
Нидерландиянын учактар колдоо көрсөтүштү
Ал эми Нидерландынын премьер-министри Дик Шуф Нидерландиянын аба күчтөрү түн ичинде Польшанын үстүнөн орус дрондорун атып түшүрүүгө жардам бергенин билдирди.
Шуф Х платформасынан : “Нидерландиянын Ф - 35 аскердик учактарынын жардам көрсөтө алганы жакшы. Нидерландия НАТОдогу өнөктөшүбүз Польшанын жанында”,- деп билдирди.
Шуф өзгөчө орус дрондорунун Польшанын аба мейкиндигин бузушу “Россиянын агрессивдүү согушунун Европанын коопсуздугу үчүн коркунуч туудурушунун башка бир далили” экендигин белгиледи.
“Биргелешкен” абадан коргонуу системасынын түзүлүшү
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын түнкү кол салуусунда дрондорун Польшанын аба мейкиндигине учуруп, коңшу Польшаны "атайылап бутага алуу" менен айыптады жана Киевдин Европадагы өнөктөштөрү менен биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө чакырды.
Зеленский социалдык тармактарда: "Украина көптөн бери өнөктөштөрүнө "Шахеддерди", башка учкучсуз учуучу аппараттарды жана ракеталарды биздин согуштук авиациябыздын жана абадан коргонуубуздун биргелешкен күчү менен атып түшүрүүнү камсыздай турган биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүнү сунуштап келет", - деп билдирди.