ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Инд океанында ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Инд океанынын түштүк-чыгышында жүргүзүлгөн изилдөөдө 5 миллион жылдан ашык убакытка таандык фоссилдер табылып, эң терең жана киттер көмүлүү калган жер тачыкка чыкты.
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Инд океанында киттердин жаңы көрүстөнү табылды.

Италия, Кытай жана Жаңы Зеландиядан окумуштуулар Инд океанынын түштүк-чыгышындагы траншеялар жана тоолор жайгашкан Диамантина аймагында суу астында изилдөө жүргүзүштү.

2023-жылы изилдөөчүлөр деңиз түбүнө 32 жолу чумкуп, 485 киттин фоссил калдыктары жана чирип калган 5 жаңы киттин фоссилин табышты. Табылгалар деңиз деңгээлинен болжол менен 7 миң метр тереңдикте жайгашкан, ал эми мурда табылган киттердин фоссилдеринин (whale fall) көбү 4 километр тайыз болгон тереңдикте табылган.

Окумуштуулар түндүк-батыштан түштүк-чыгышты көздөй болжол менен 1200 километрге созулган бул кеңири аймак, буга чейин аныктала элек "киттердин сөөктөрүнүн супер коридору" болгон болушу мүмкүн деген баа беришти.

Изилдөөдө болжол менен 5,3 миллион жыл мурда жашаган, тукум курут болгон тумшуктуу кит Pterocetus benguelae түрүнө таандык фоссилдешкен баш сөөгү, ошондой эле илим дүйнөсүнө жаңыдан тааныштырылган Pterocetus diamantinae түрүнө таандык дагы бир баш сөөк табылды.

Адистердин айтымында, чирип бараткан киттердин калдыктарынан рак сымалдуулар, моллюскалар, сөөк жегич курттар жана морт деңиз жылдыздары сыяктуу көптөгөн организм түрлөрү табылган.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, Италиядагы Пиза университетинин доктору Жованни Биануччи билдирүүсүндө, бул ачылыш такыр жарык кирбеген жана басым өтө жогору болгон терең деңиз чөйрөсүндө жандыктардын кантип ыңгайлаша аларын көрсөткөнүн белгиледи.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Nature журналында жарыяланды.

Иликте
Украина Президенти Зеленский Россияга каршы жаңы операцияларга уруксат бергенин жарыялады
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды