Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «2-Салттуу спорт оюндары» өтүүдө
1995-жылы Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан негизделген Кыргызстан-Түркия «Манас» университетинде (КТМУ) «2-Салттуу спорт оюндары» өтүп жатат.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) «Чыңгыз Айтматов» атындагы шаарчасындагы Салттуу спорт оюндары аянтында 20-21-октябрда өтүүчү Салттуу спорт оюндарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн 15 университетинен 269 студент катышкан иш-чара көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган театралдык оюн-зоок жана спортчулардын парады менен башталды.
КТМУнун ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан салттуу спорттун маданият менен кесилишкен жери бар экенин жана бардык салттуу спорт түрлөрү түрк маданиятын чагылдыра турганын баса белгиледи.
Жейлан салттуу маданиятын чагылдырган ар бир спортчуну жеңүүчү деп эсептешкендерин белгилеп: "Салттуу спортто азыркы спорттон айырмаланып, атаандашты катуу сабап жеңүү болбойт. Атаандашыңды кармасаң, кечирүү сезими эң чоң баалуулук. Кечиримдүүлүк биринчи орунда турган оюндарда эң көп упай берилет. Мына ушул түрктүн айкөлдүк сезиминен келет»,-деди.
Оюндарда спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер, анын ичинде тогуз коргоол, акыл оюну, мангала, жаа атуу, кыргыз күрөш, шалбар күрөш, таяк тартмай (мас-рестлинг) боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Стамбулда жайгашкан Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун демөөрчүлүгү менен өтүп жаткан оюндар эртең сыйлыктарды тапшыруу жана жабылуу аземи менен жыйынтыкталат.