ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Вице-президент Жевдет Йылмаз эртең Кыргызстанга расмий сапар менен барат
Вице-президент Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болот.
Вице-президент Жевдет Йылмаз эртең Кыргызстанга расмий сапар менен барат
Вице-президент Жевдет Йылмаз / AA
 

Түркия президентинин орун басары Жевдет Йылмаз эртең расмий иш сапары менен Кыргызстанга барат.

Йылмаз программасынын биринчи күнүндө Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Үркүн эстелигине жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө зыярат кылат. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракелик концертине катышат жана Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында түрк бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Сапарынын экинчи күнүндө, 18-сентябрда Йылмаз Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуп, Түркия-Кыргызстан Өкмөттөр аралык Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 12-кезектеги жыйынына жана Биргелешкен экономикалык комиссиясынын протоколуна кол коюу аземине катышат.

Ушул эле күнү Йылмаз Түркия-Кыргызстан бизнес форумуна катышат, КТМУга барат, Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жыйынына катышат жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен биргелешкен жыйынга катышат.

Иликте
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады