Кубанын тышкы иштер министри: "Куба АКШнын "коркутууларына жана шантажына" багынбайт"
Дональд Трамп Кариб өлкөсү Кубаны администрациясынын ыктымалдуу буталарынын арасында көрсөтүп, "Кубанын кулоого даяр экенин" айтты.
Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес жума күнү Куба АКШнын ондогон жылдар бою көрсөткөн кысымына каршы эгемендүүлүгүн коргоону уланта берерин билдирип, Вашингтонду алтымыш жылдан ашык убакыттан бери "зордук-зомбулукка жана агрессияга" баруу менен айыптады.
Родригес X социалдык тармагында Вашингтондун: "67 жылдан бери Кубага каршы кыйын жана агрессивдүү мамиле жасап келет",- деп билдирди жана АКШнын "эгемендүү мамлекеттердин укуктары боюнча таңуулоого аракет кылып жатат,"- деп кошумчалады.
Родригес АКШнын күчүн "абдан чоң аскердик күчүнө жана экономикасынын көлөмүнө" негизделгенин аныктады; ошондой эле "чабуулдар жана кылмыштар боюнча кеңири тажрыйбага" ээ экенин билдирди.
Кубанын тышкы иштер министри Родригес кубалыктардын эгемендүүлүгүнөн баш тартпай турганын баса белгилеп: "Буга жооп катары биз тарапта акыл-эс, эл аралык укук жана бүтүндөй бир элдин мекенчилдик руху бар. Биз, кубалыктар, өлкөбүздү сатууга же коркутууларга жана шантаждарга моюн сунууга даяр эмеспиз", — деди.
Гавана өзүнүн эгемендүү укугунан баш тартпай турганын билдирген Родригес: "Биз Кубаны коргойбуз. Бизди тааныгандар мунун чечкиндүү, так жана далилденген убада экенин билишет", - деди.
Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес 5-январда Латын Америкасы жана Кариб деңизи мамлекеттеринин коомчулугуна аймактын көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн АКШнын Венесуэлага жакында болгон аскердик кийлигишүүсүнөн келип чыккан коркунучка каршы жамааттык түрдө коргоого чакырган.
АКШнын президенти Дональд Трамп 7-январда Кариб деңизиндеги бул өлкөнү "кулоого даяр" деп экенин айтып, Кубаны өз администрациясынын ыктымалдуу буталарынын катарына кошкон.