Сириянын түндүк - чыгышында YPG миналары жарандарды жана аскерлерди өлтүрдү
Армия Ракка, Дейр-эз-Зор жана Халептин чыгышындагы жарандарга YPG террордук уюмуна таандык аймактарга же туннелдерге кирбөөгө чакырды.
Сирия армиясы YPG террордук уюму тарабынан Ракка, Дейр - эз - Зор жана Халептин чыгышында жайгаштырылган миналар менен жарылуучу заттардын жарылышынын натыйжасында көп сандаган жаран жана аскердин каза болгонун билдирди.
Сирия Араб Жаңылыктары Агенттиги (SANA) шаршемби күнү жарыялаган билдирүүдө армиянын Операциялык командирлиги Сириянын түндүк - чыгышында Рака, Дайр-эз-Зор жана Халептин чыгышындагы жарандарды «YPG позицияларына же туннелдерине кирүүдөн алыс болууга» чакырды.
Билдирүүдө: "YPG уюму жана ПККлык террористтер эшиктерди, коридорлорду жана туннелдерди тузакка айландырышкан; таштар жана курулуш кирпичтери сыяктуу камуфляждалган жардыргыч түзүлүштөрдү орнотушкан", - деп айтылды.
Террордук уюм YPGнын өзгөчө буга чейин көзөмөлгө алган аймактардагы үйлөрдүн чоң бөлүмүндө, өзү жайгашкан имараттарда жана жолдорго жакын жерлерде “үй эмеректерин жана унааларды жардыруучу заттар менен тузакка айландырганы” белгиленди.
Аталган кол салуулар Сириянын Президенттиги шейшемби күнү YPG террордук уюму менен макулдашууга жетишилгенин, ошондой эле Хасекени иш жүзүндө интеграциялоо үчүн жол картасын иштеп чыгуу максатында уюмга төрт күндүк мөөнөт берилгенин жана бул процессте ок атышууну токтотуу режими күчүндө кала турганын жарыялагандан кийин болду.
‘Чектелген коопсуздук зоналар’
Ошол эле учурда Сириянын Ички иштер министрлиги шаршемби күнү Хасеке провинциясынын түндүк-чыгышында YPGден кайра алынган Аль-Хол лагерин жана коопсуздук түрмөлөрүн “чектелген коопсуздук зоналар” деп жарыялады.
Министрлик билдирүүсүндө: “Бул аймактарда коопсуздук сакталууда. ДЕАШ туткунундугунан качкандардын кармалуусу, Хол лагери жана ушуга окшогон борборлордо коопсуздуктун көзөмөлгө алынышы үчүн керектүү маалыматтарды чогултуу иштери жүргүзүлүүдө”,- деп айтылды.
Билдирүүдө : "Бул аймактарга жакындагандарга карата юридикалык жоопкерчилик жана куугунтук иштери колдонулат",- деген эскертүү берилди.
YPG Түркия, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм деп таанылган ПККнын Сириядагы уландысы.