Украинанын делегациясы Женевага жөнөп кетти

Украинанын президенттик аппаратынын башчысы Кирил Буданов акыркы сүйлөшүүлөрдөн мурун Киевдин кызыкчылыктары корголушу керектигин билдирди.

By
Украин делегациясы жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Женевага жөнөп кетти. / Reuters

Украинанын делегациясы 17-18-февралда Орусия менен АКШнын ортомчулугунда өткөрүлө турган жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Женевага жөнөп кетти. Бул тууралуу Украинанын Президенттик аппаратынын башчысы Кирило Буданов билдирди.

Буданов дүйшөмбү күнү Telegram баракчасында өзүнүн жана делегациянын эки мүчөсүнүн поезд вагонунун алдында турган сүрөтүн жарыялап, мындай деп маалымдады: "Биз Женевага бара жатабыз. Бизди сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы күтүп турат. Жолдо кесиптештерибиз менен тарыхыбыздан алган сабактарды талкуулап, туура жыйынтыктарга жетүүгө аракет кылабыз. Украинанын кызыкчылыктары корголушу керек".

Орусия, Украина жана АКШ катышкан быйылкы үч тараптуу коопсуздук боюнча консультациялардын биринчи айлампасы 23-24-январда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөрүлгөн. Бул сүйлөшүүлөрдө Москва делегациясын Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жетектеген.

Экинчи айлампа ошол эле жерде 4-5-февралда өттү.

Өткөн аптада Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу процесси боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы да Орусия-АКШ-Украина үч тараптуу форматта болорун жана сүйлөшүүлөр 17-18-февралда Швейцариянын Женева шаарында өтөрүн жарыялаган.