ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Хаменеи: "Перс булуңунун келечеги АКШ болбостон эле калыптанат"
Ирандын диний лидери Перс булуңунун коопсуздугу аймактык өлкөлөрдүн жетекчилиги астында камсыздалышы керектигин айтты.
Хаменеи: "Перс булуңунун келечеги АКШ болбостон эле калыптанат"
Хаменеи: "Перс булуңунун келечеги АКШ болбостон эле калыптанат" / Reuters

Ирандын жогорку диний лидери Мүжтеба Хаменеи Перс булуңунун келечеги "АКШнын катышуусуз" эле калыптанарын белгилеп, Ормуз кысыгына карата жаңы укуктук жана административдик алкактар туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырарын баса белгиледи.

Хаменеи бейшемби күнү кеңсеси тарабынан Перс булуңунун улуттук күнүнө карата жарыяланган жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, АКШ баштаган чет элдик күчтөрдүн аймакта болушу туруксуздуктун булагы экенин айтып, "жаңы этап пайда болгонун" белгиледи.

Хаменеи Ирандын Перс булуңундагы коопсуздукту Ормуз кысыгынын жаңыртылган укуктук алкактарын камтыган жаңы башкаруу модели менен камсыздай турганын айтты.

«Бул алкактар ​​аймактагы бардык мамлекеттер үчүн туруктуулукту, прогрессти жана экономикалык пайданы камсыз кылат», - деди.

Ирандын диний лидери аймак өлкөлөрүнүн Перс булуңунда жалпы тагдырды бөлүшкөнүн жана "миңдеген километр алыстыктан" келген тышкы актерлордун бул келечекте орду жок экенин айтты.

Билдирүүдө өзгөчө акыркы окуялар менен бирге ортого чыкканы айтылган "жаңы аймактык тартип" тууралуу да сөз болду.

Мүжтаба Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулдарында атасы Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин, 9-мартта диний лидер болуп шайланган.

Кызматка киришкенден бери ал жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр аркылуу гана байланышып келген.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды