ГАЗАДАГЫ СОГУШ
2 мүнөт окуу
Сурамжылоого караганда немистердин көпчүлүгү Израилге карата курал экспортуна каршы
Акыркы сурамжылоо Германия өкмөтүнө карата коомчулуктун Нетаньяхунун администрациясынан алыс болуу кысымынын күчөп жатканын көрсөтүүдө.
Сурамжылоого караганда немистердин көпчүлүгү Израилге карата курал экспортуна каршы
/ Reuters
 

Газадагы аскердик операциялар жана палестиналыктарга гуманитардык жардамдардын чектелишинен улам Израилге карата эл аралык сын күчөгөн учурда жарыяланган сурамжылоого ылайык, немистердин көпчүлүгү Израилге курал-жарак экспорттоого каршы.

Der Tagesspiegel гезити үчүн Civey компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо катышуучулардын 51 пайызынын Израилге курал жеткирүүгө каршы экендиги билдирилген. Өзгөчө солчул көз караштагы шайлоочулардын арасында бул позиция күчтүү болуп, беш кишиден төртөөсү бул экспортко каршы экенин айтышкан.

Премьер-министр Фридрих Мерц башында турган Христиан-Демократтардын арасында 34 пайызы Израилге курал экспорттоого каршы экенин билдирсе, 22 пайызы чечим чыгара электигин айткан. Коалициялык өнөктөш Социал-Демократтардын ичинен 48 пайызы Израилге курал экспорттоонун туура эмес экендигин билдирген.

Сурамжылоо ошондой эле Германия элинин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө карата Берлиндин позициясынын алыс болушун каалаган талаптын өсүп жатканын көрсөттү. Катышуучулардын 44 пайызы Израилге карата сын көз карашта болууну жактаса, бул көрсөткүч 2023-жылдын жайында 33 пайызды түзгөн. Ал эми 23 пайызы гана Израиль өкмөтү менен тыгыз байланыш түзүүнү колдоду.

Сурамжылоо ошондой эле немистердин үчтөн эки бөлүгүнүн өкмөттөн Израилдин Газага дагы көп гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берүү үчүн кысым көрсөтүүнү каалаарын көрсөттү. Бул пикирди 65 жаштан жогорку катышуучулардын дээрлик төрттөн үчү Израилге карата саясий кысымды күчөтүүнү колдосо, 18-29 жаштагылардын арасында бул көрсөткүч 50 пайызды түздү.

Сурамжылоо 2025-жылдын 23-26-май күндөрү жүргүзүлүп, 18 жаштан жогорку 3000ден ашуун немис жарандарынын жоопторун камтыган.

Иликте
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады