ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууда жетишилген жылыштар
Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын январь айында Вашингтондо украиналык жана башка европалык лидерлерди кабыл алаарын айтты.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууда жетишилген жылыштар
Трамп жаңжалды токтотуу планын талкуулоо үчүн Зеленскийди кабыл алды. / Reuters
 

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн жолугушуудан кийин Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууда олуттуу жылыштарга жетишилгенин билдирди.

"Биз процесстин 95 пайызын карап чыктык. Канча пайыз экенин билбейм, бирок бул согушту токтотууда бир топ ийгиликтерге жетиштик; бул чындыгында Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу согуш, балким Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң согуш", - деди Трамп.

"Эгерде иштер чындап жакшы болсо, балким бир-эки жумага созулат, ал эми жаман болсо узакка созулат", - деди Трамп журналисттерге.

АКШнын президенти ошондой эле согушту токтотуу аракеттеринде бир же эки "өтө татаал маселе" калганын, алардын бири жаңжал учурунда басып алынган аймакка байланыштуу экенин айтты.

Трамп Украинанын согуштан кийинки калыбына келтирүү маселесин Орусиянын президенти Владимир Путин менен талкуулаганын жана Москва жардам берерин, анын ичинде "энергия, электр энергиясы жана башка нерселерди өтө арзан баада камсыз кылаарын" кошумчалады.

Трамп акыркы тынчтык планы боюнча прогресске жетүү үчүн Украина парламентине кайрылуу жасоону сунуштаганын айтып, "бул чындап эле зарылбы же жокпу билбейм, бирок эгерде айына 25 000 адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берсе же башка нерсе болсо, мен муну толугу менен жасоого даярмын" деди.

Зеленский

Трамп жана Европа лидерлери менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин Зеленский: "Талкууланган бардык маселелерди жыйынтыктоо үчүн командаларыбыздын алдыдагы жумаларда жолугушуу өткөрүү темасында макулдаштык", - деди.

Зеленский ошондой эле Трамп январь айында Вашингтондо украиналык жана башка европалык лидерлерди кабыл алаарын айтты.

Трамп дээрлик төрт жылдан бери уланып келе жаткан жаңжалды токтотуу планын талкуулоо үчүн Зеленскийди Флорида штатынын Палм-Бич шаарындагы Мар-а-Лаго резиденциясында кабыл алды.

Зеленский жекшемби күнү Канадага сапарынан кийин АКШга барды.

Ошол эле учурда Владимир Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев дүйнө жүзү Трамптын тынчтык орнотуу аракеттерин жогору баалаганын айтты.

Орусиянын чет өлкөлөр менен инвестиция жана экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Дмитриев Xте жарыяланган билдирүүсүндө: "Бүткүл дүйнө жүзү президент Трамптын жана анын командасынын тынчтык орнотуу аракеттерин жогору баалоодо", - деп жазды.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди