ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп: Украина тынчтык келишимине Путин эмес, Зеленский тоскоолдук кылууда
Трамп Путиндин келишим түзүүгө даяр экендигин ойлогонун белгилеп, Зеленскийдин этият мамиле кылганын айтты.
Трамп: Украина тынчтык келишимине Путин эмес, Зеленский тоскоолдук кылууда
Зеленский Москвага эч кандай аймактык жеңилдиктерди берүүдөн ачыктан-ачык баш тартты, Киевдин конституцияга ылайык эч кандай жерден баш тартууга укугу жок экенин билдирип. (АРХИВ) / Reuters
15 Январь 2026

АКШ президенти Дональд Трамп Reuters маалымат агенттигине берген маегинде, потенциалдуу тынчтык келишимине Россия эмес, Украина тоскоол болуп жатканын билдирди. Бул билдирүү Москванын согушту токтотууга ниети жок деп эсептеген европалык өнөктөштөрдүн позициясына таптакыр карама-каршы келет.

Трамп шаршемби күнү Овалдык кабнетте берген атайын маегинде Россиянын президенти Владимир Путиндин төрт жылга жакын убакыттан бери келе жаткан согушту акырына чыгарууга даяр экендигин, бирок Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин этият мамиле кылганын белгиледи.

Трамп орус лидеринин келишим түзүүгө даяр экендигин айтып: “Украинанын келишим түзүүгө азырынча даяр эместигин ойлоп жатам”,- деди. АКШнын жол башчылыгындагы сүйлөшүүлөр Экинчи дүйнөлүк согушунан бери Европадагы эң чоң кургактык кагылышуусун эмне себептен чече элек деген суроого Трамп бир сөз менен жооп берди : “Зеленский”.

Трамптын билдирүүлөрү украин лидерине карата жаңы көңүл калуу сезимин жаратты. Эки президенттин мамилеси көптөн бери туруксуз болгонуна карабастан Трамп кызматка келген биринчи жылындын ичинде мамилелери жакшыргандай сезилди. Кээ кээде Трамп АКШнын айрым өнөктөштөрүнүн лидерлерине караганда Путиндин убадаларын түз кабыл алууга даяр болуп, бул да Киевди, Европанын борборлор шаарлары жана айрым республикачыл депутаттар да болгон АКШнын мыйзам чыгаруу органдарынын көңүлүн калтырды.

“Ал жерге жетүү кыйын болуп жатат”

Бир нече тыныгуудан кийин, акыркы жумаларда АКШ жетектеген сүйлөшүүлөр согуштан кийинки Украинанын коопсуздук кепилдиктерине багытталып, Россиянын тынчтык келишиминен кийин кайрадан кол салуусуна жол бербөө максатын көздөдү. Жалпысынан алганда, АКШлык сүйлөшүүчүлөр Россия менен түзүлө турган кандайдыр бир келишимдин алкагында Украинаны чыгыштагы Донбасс аймагынан баш тартууга мажбурлоодо.

АКШ тараптан атайын өкүл Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жүргүзүп жаткан акыркы сүйлөшүүлөргө украиналык жетекчилер да катышты. Айрым европалык жетекчилер Путиндин Киев, Вашингтон жана европалык лидерлер тарабынан иштелип жаткан кээ бир шарттарды кабыл алуу ыктымалдыгына күмөн саноо менен карашууда.

Трамп Bloomberg агенттиги шаршемби күнү эртең менен кабарлаган Уиткофф менен Кушнердин ыктымалдуу Москва сапары тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Кийинки жумада Швейцариянын Давос шаарчасында өтө турган Дүйнөлүк экономикалык форумда Зеленский менен жолугушуп же жолугушпай тургандыгы тууралуу суроого Трамп жолугушарын билдирди, бирок азырынча такталган пландын жок экенин кыйытты.

Трамп : “Эгер ал жерде боло турган болсом жолугушамын, мен да ал жерде боломун”.- деди. Сүйлөшүүлөрдө Зеленскийдин эмне себептен артка чегинип чегинип жанканына ойлогонун сурашканда жөн гана : “Билесиңер, ал жерге жетүү ал үчүн кыйын болуп жатат”,- деди.

Зеленский өлкөнүн конституциясы боюнча Киевдин кандайдыр бир аймактан баш тартуу укугунун жок экендигин белгилеп, Москвага бериле турган ар кандай аймактык жеңилдиктерди эл алдында четке каккан.

Иликте
Исламабадда мечитте жардыруу болуп, 30 адам каза болду
Москвада орусиялык жогорку даражалуу генералга ок атылды; кол салган кишини издөө иштери уланууда
Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Түркиянын кайра куруу убадасын аткарганын айтты
Түркия Стамбулдагы тыңчылык операциясында эки Моссад агентин колго түшүрдү
Иран АКШ менен Омандагы сүйлөшүүлөрдө "ак ниеттүүлүк менен" иш алып барып жатканын билдирди
Кытай менен Түштүк Корея 15 жылдан кийин биргелешкен деңиз машыгууларын жандандырууну талкуулоодо
Нетаньяху Египеттин аскердик күчүнөн тартынууда; Иран тууралуу АКШнын акыркы кадамынан күмөн саноодо
Январдан бери 900 палестиналык мыйзамсыз израилдик отурукташкандар тарабынан күч менен көчүрүлдү
Эрдоган АКШ менен Иран ортосундагы ыктымалдуу согушту алдын алууну колдоду
Карни Түркиянын Канада үчүн "маанилүү өнөктөш" экенин айтты
Япониянын премьер-министри TSMC компаниясынын чип өндүрүү боюнча алдыңкы планын колдойт
Кубадан АКШга: сүйлөшүүлөргө ачыкпыз, конституциялык өзгөртүүлөргө эмес
Түркия терроризмге каршы күрөштө Сомалиге абадан жана кургактыктан аскердик колдоосун күчөтүүдө
Израиль оккупацияланган Чыгыш Кудсту курчоого алууну көздөгөн жаңы конуш жолунун курулушун баштады
Түркия менен Сауд Арабия KAAN согуштук учактарына биргелешип инвестиция салышат