ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО союздаштарынын биримдиги күчөгөнүн белгилеп, Түркия менен түзүлгөн жаңы соода келишимдерине көңүл бурду жана Анкараны негизги өнөктөш катары мактады.
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Трамп Анкарадагы саммиттен кийин НАТО «чоң жолду басып өттү» деп билдирди / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын борбор шаары Анкарада өткөн НАТО саммитине токтолуп, НАТО “бүгүн чоң жолду басып өттү” деп айтты жана “айрым маселелерде түзөтүүлөргө макул болушту” деп кошумчалады.

Президенттик учакта журналисттерге маалымат берген Трамп "абдан мыкты" НАТО саммитин өткөргөнүн айтты.

Трамп: “Абдан жакшы эки күн өткөрдүк. Көптөгөн маселе боюнча чечим чыгарылды. Негизинен НАТО чындыгында да абдан таасирдүү болду", - деди.

Эки тараптуу келишимдер

Трамп Анкарада өткөн саммиттин “көптөгөн маселени чечкенин” белгилеп : “Мыкты саммит өттү жана жана адамдар АКШга адилетсиз мамиле жасалганын түшүнүшүнүп жатышат", - деди.

Трамп маселелерге карабастан: «Испания бүгүн толугу менен позициясын өзгөрттү. Испания бүгүн абдан марттык кылды. Билесиздер, мен аларга сооданы токтоторумду айткам. Алар менин көптөгөн төлөм талаптарымды кабыл алышты”, — деди.

АКШ президенти: «Алар абдан жаман болушкан, менин оюмча абдан жаман мамиле кылышкан. Бирок бүгүн ал бөлмөдө чоң биримдик бар эле», — деп кошумчалады ал.

Трамп ошондой эле АКШнын Түркия менен “көптөгөн жакшы соода келишимдерин” түзгөнүн белгилеп: “Түрктөр абдан жакшы өнөктөш болушту”, — деди.

Иликте
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды