ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Убактылуу премьер - министр дайындалган Непалда март айында шайлоо өткөрүлөт
Непалдын президенти парламентти таркатып, 5-мартта жаңы шайлоо өткөрүү шарты менен Сушила Каркини убактылуу премьер-министр кылып дайындады.
Убактылуу премьер  - министр дайындалган Непалда март айында шайлоо өткөрүлөт
/ AA

Непалдын президенти Рамчандра Паудел парламентти таркатып, өлкөдө 2026-жылдын 5-мартында шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Бул билдирүү өлкөдө бир жумадан бери уланып жаткан кандуу зомбулук окуяларынан кийин өлкөнүн биринчи аял премьер-министринин убактылуу дайындалышы менен келди.

Паудел бул тууралуу Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Сушила Каркини өлкөнү башкарууга дайындагандан бир нече саат өткөндөн кийин билдирди. Бул дайындоо премьер-министр К.П. Шарма Олинин отставкага кетишине алып келген жана "Z мууну" тарабынан башталган коррупцияга каршы нааразылык акцияларынан кийин ишке ашты.

Президенттик аппараттын билдиргенине караганда Паудел Өкүлдөр палатасын таратты жана шайлоонун 2026 - жыл 5 - март бейшемби күнү өткөрүлүшүнө чечим чыгарды.

Каркинин дайындалышы Паудел, армиянын командири Ашок Раж Сигдел жана Непалда акыркы жылдардагы эң чоң ички башаламандыкка алып келген нааразычылык акцияларынын лидерлеринин ортосунда эки күнгө созулган тыгыз сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашты. Бул окуяларда кеминде 51 адам каза болуп, 1300дөн ашуун адам жаракат алган.

Непалдын түштүк коңшусу Индия окуялардын тынчтыкты жана туруктуулукка өбөлгө түзөрүн билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди X социалдык медиа платформасындагы баракчасында: "Непалдын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри кызматын баштаган Сушила Каркини чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Индия непалдык бир туугандардын тынчтыгын, прогрессин жана гүлдөп өсүшүн толугу менен колдойт", - деп билдирди.

Өлкө боюнча нааразычылык акциялары социалдык тармактарга тыюу салуу менен козголгон, бирок кийинчерээк бул тыюу салуу жоюлган. Шейшемби күнү Олинин отставкага кетиши менен зомбулук азайды.

Жумушсуздук миллиондогон непалдык жаштарды Жакынкы Чыгыш, Түштүк Корея жана Малайзия сыяктуу башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө түртүүдө. Кытай менен Индиянын ортосунда жайгашкан 30 миллион калктуу өлкө жума күнүнөн тарта кадимки абалына кайта баштады. Дүкөндөр кайрадан ачылып, унаалар жолго чыга баштады жана полиция жуманын башында колдонгон куралдарын таяк менен алмаштырды.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды