Азербайжан Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн дрон чабуулунан кийин эвакуациялады
Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов өкмөт өлкөнүн куралдуу күчтөрүн эң жогорку даярдык абалына келтиргенин билдирди.
Азербайжандын мамлекеттик «Азертач» маалымат агенттиги билдиргендей, өлкө аймагы Иран тараптан келген дрондор менен атылгандан бир күн өткөндөн кийин, Баку Тегерандагы элчилигин жана Тебриздеги башкы консулдугун эвакуациялоо буйругун берди; Иран бул чабуулдарды АКШ менен Израилдин соккуларына жооп катары ишке ашырды.
Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жума күнкү брифингде коопсуздукту камсыз кылуу чаралары көрүлүп жатканын жана аймактык чыңалуудан улам куралдуу күчтөр эң жогорку даярдык деңгээлине келтирилгенин билдирди. Байрамов иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканда тиешелүү чечимдердин кабыл алынарын айтты.
Ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүккө 1000ге жакын кайрылуу түшкөнүн, алардын басымдуу бөлүгү Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Сауд Арабиясы жана Кувейтке саякатка барган Азербайжан жарандарынан келгенин белгиледи.
Бейшемби күнү Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Нахчывандын Ирандан учурулган дрондор менен атылганын жана булардын бирөөсүнүн Нахчыван эл аралык аэропортунун терминалдык имаратына келип түшкөнүн жарыялады. Ошол эле учурда башка бир дрон Шакарабад айылында бир мектеп имаратынын жакынына келип түштү.
Бул кол салуулар Израиль менен АКШнын 28 - февралдан бери Иранга каршы жүргүзгөн кенен масштабдуу чабуулдары улантылып жаткан мезгилде ишке ашты. Бул операциялардан миңден ашуун киши каза болду, араларында Ирандын диний лидери Али Хаманеи жана жогорку мартабалуу аскердик жетекчилердин да бар экендиги билдирилди.
Иран болсо Израиль менен АКШнын аскердик базалары жайгашкан бир топ өлкөнү бутага алып дрон жана ракеталык кол салуулар менен жооп кайтарды.