ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Азербайжан Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн дрон чабуулунан кийин эвакуациялады
Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов өкмөт өлкөнүн куралдуу күчтөрүн эң жогорку даярдык абалына келтиргенин билдирди.
Азербайжан Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн дрон чабуулунан кийин эвакуациялады
"Куралдуу күчтөрүбүздү жогорку даярдык деңгээлине келтирдик жана бардык зарыл коопсуздук чараларын көрүп жатабыз,"- деди Жейхун Байрамов. / AA

Азербайжандын мамлекеттик «Азертач» маалымат агенттиги билдиргендей, өлкө аймагы Иран тараптан келген дрондор менен атылгандан бир күн өткөндөн кийин, Баку Тегерандагы элчилигин жана Тебриздеги башкы консулдугун эвакуациялоо буйругун берди; Иран бул чабуулдарды АКШ менен Израилдин соккуларына жооп катары ишке ашырды.

Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жума күнкү брифингде коопсуздукту камсыз кылуу чаралары көрүлүп жатканын жана аймактык чыңалуудан улам куралдуу күчтөр эң жогорку даярдык деңгээлине келтирилгенин билдирди. Байрамов иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканда тиешелүү чечимдердин кабыл алынарын айтты.

Ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүккө 1000ге жакын кайрылуу түшкөнүн, алардын басымдуу бөлүгү Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Сауд Арабиясы жана Кувейтке саякатка барган Азербайжан жарандарынан келгенин белгиледи.

Бейшемби күнү Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Нахчывандын  Ирандан учурулган дрондор менен атылганын жана булардын бирөөсүнүн Нахчыван эл аралык аэропортунун терминалдык имаратына келип түшкөнүн жарыялады. Ошол эле учурда башка бир дрон Шакарабад айылында бир мектеп имаратынын жакынына келип түштү.

Бул кол салуулар Израиль менен АКШнын 28 -  февралдан бери Иранга каршы жүргүзгөн кенен масштабдуу чабуулдары улантылып жаткан мезгилде ишке ашты. Бул операциялардан миңден ашуун киши каза болду, араларында Ирандын диний лидери Али Хаманеи жана  жогорку мартабалуу аскердик жетекчилердин да бар экендиги билдирилди.

Иран болсо Израиль менен АКШнын аскердик базалары жайгашкан бир топ өлкөнү бутага алып дрон жана ракеталык кол салуулар менен жооп кайтарды.

 

 

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"