ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орус дрондору темир жол линиясын бутага алды, Украина атомдук станцияга сокку урду
Орусия менен Украина бири-биринин көзөмөлүндөгү аймактарга чабуулун улантууда.
Орус дрондору темир жол линиясын бутага алды, Украина атомдук станцияга сокку урду
/ Reuters
17 Сентябрь 2025

Расмий өкүлдөр шаршемби күнү “Украинанын борборундагы Кировоград облусуна орус дрондорунун чабуулу электр жарыгынын өчүрүлүшүнө жана темир жол ишинин үзгүлтүккө учурашына себеп болду” билдиришти.

Андрей Райкович Telegram социалдык тармагында «Учурда облустун борборунда жана Александривка аймагындагы 44 конушта электр энергиясы жарым-жартылай өчүрүлгөн абалда», – деп жазды.

Анын айтымында, айрым жеке үйлөр да жабыркап, темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады. Өзгөчө кырдаалдар кызматы үч жерде өрт менен күрөшүп жатканын билдирип, жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Темир жол линиясы бутага алынды

Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба орус күчтөрү түндө темир жол инфраструктурасын бутага алганын, бирок окуя болгон жер тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Кулеба «Мындай чабуулдардын максаты ачык: жүргүнчү жана жүк ташууну үзгүлтүккө учуратуу, транспорттун туруктуу ишин бузуу жана адамдар менен экономикага кошумча кысым көрсөтүү», – деди.

Ал арада РИА агенттиги станциянын өкүлүнө таянып, Украинанын чабуулунан кийин Запорожье атомдук электр станциясынын күйүүчү май сактоочу жайында чыккан өрттүн өчүрүлгөнүн кабарлады.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик шейшемби күнү станциядагы кызматкерлери объектинин жанында бомбалоонун үнүн угуп, үч башка жерден кара түтүн көтөрүлгөнүн байкашканын билдирди.

Иликте
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту
Зеленский: АКШ Иран согушунан улам Украинага убакыт бөлө албай жатат
Трамп Иранда бурулуш жери белгисин берди:  ок атышууну токтотуу узартылбашы мүмкүн
Түркия жаңы маалыматтар демилгеси аркылуу жасалма интеллекттеги дезинформацияга каршы күрөшөт
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду