Венгрия Киевдин ушундай кадамынан кийин 12 украин маалымат сайтын жаап салганын жарыялады. Бул абал Орусия-Украина согушу учурунда чыңалган эки коңшунун ортосундагы мамилени ого бетер курчутту.
Ушул айдын башында Украина коопсуздук кызматынын талабы боюнча орусиячыл көз караштарды камтыган бир нече сайттарды жаап салган. Алардын арасында венгер тилдүү сегиз портал, анын ичинде өкмөттү жактаган популярдуу маалымат сайты origo.hu да бар.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын башкы кеңешчиси Гергели Гуляс дүйшөмбү күнү Фейсбуктагы билдирүүсүндө "Эгемен өлкө таптакыр негизсиз кол салууга пропорционалдуу түрдө жооп бериши керек" деп айтып, сөз болуп жаткан чараны жарыялады.
Венгрия бөгөт койгон сайттардын көбү Украинада кеңири окулат. Алардын бири European Pravda, Украинанын Европа Биримдигине кошулуу аракеттерин жакындан чагылдырып келет.
Гуляс Украина венгер порталдарына Орусияга каршы санкцияларды жана Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү сынга алганы, ошондой эле Евробиримдик менен НАТО альянсын чачыранды жана натыйжасыз деп жазганы үчүн тыюу салганын айтты. Ал өз постунда: «Эгерде Евробиримдиктин бөлүнүшү Украинада мамлекеттик цензураны жарата турган болсо, анда Украинанын Евробиримдикке кирүү ниетинен баш тартуусуна убагы келди», - деп билдирди.
Гуляс ошондой эле венгер сайттары “Сорос Фондунун таасирдүү аракеттери тууралуу маалымат бергендиги үчүн” Украинада бөгөттөлгөнүн айтты.
Орбан Батыштын Украинага аскерий жардамына ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат.
Украина Венгриянын веб-сайттарды жабуу чечимине азырынча жооп бере элек.



















