ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
АКШ өкүлү Түркия Газадагы ок атышууну токтотууда маанилүү роль ойногонун билдирди
АКШ өкүлү Түркия Газадагы ок атышууну токтотууда маанилүү роль ойногонун билдирди.
АКШ өкүлү Түркия Газадагы ок атышууну токтотууда маанилүү роль ойногонун билдирди
Вашингтон Эрдоганды, Фиданды жана чалгындоо кызматынын башчысы Калынды Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун алкагында тыгыз кызматташтыгы үчүн жогору баалады. / AP
 

Америкалык абир жетекчи АКШ президенти Дональд Трамптын Газа планынын экинчи этабына өтүшү менен бирге, Түркиянын Газада ок атууну токтотууну камсыз кылууда абдан маанилүү роль ойногонун билдирди.

Газа боюнча журналисттерге маалымат берген жана атын атагысы келбеген эки жетекчинин бири: «Президент Трамп бул үчүн абдан ыраазы», — деп билдирди.

Жетекчи: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, Тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун (МИТ) башчысы Ибрахим Калын — баары бул процесске активдүү катышышты жана биз менен бирге иштешти. Алардын бул ишке катышуусу өтө маанилүү болду деп ойлойбуз», — деп кошумчалады.

АКШ жетекчиси Трамп администрациясынын Түркия менен Израилдин мамилесинин калыбына келерине ишенгенин билдирди. Бул билдирүү Газадагы ок атышууну токтотуу планынын экинчи этабы башталганын жарыялоодон кийин айтылды.

Бул билдирүүлөр Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Газа ок атышпоосунун экинчи баскычка кирип жатканын жана бул этапта куралсыздануу, башкаруу жана калыбына келтирүү багыттары кирерин жарыялаган учурга туш келди.

Уиткофф Хтен берген билдирүүсүндө : “Экинчи этапта Газада убактылуу технократиялык Палестина администрациясы болгон Газаны башкаруу боюнча Газа улуттук комитетин түзүүнү жана Газаны толук демилитаризациялоону, кайра курууну баштоону, ошондой эле бардык уруксаты жок кызматкерлерди куралсыздандырууну карайт", - деп билдирди.

Уиткофф АКШнын Хамастын келишим боюнча милдеттерин, «каза болгон акыркы барымтадагы адамдын сөөгүн дароо кайтарып берүүнү» толугу менен аткарышын күтүп жатканын айтты.

«Муну аткарбоо олуттуу кесепеттерге алып келет»,- деп кошумчалады Уиткофф.

АКШлык жетекчилердин бири да экинчи этаптын башталышы процесстин маанилүү учурун белгилегенин айтты.

Жетекчи: "Бул абдан маанилүү, анткени бизде Газаны кайра куруу боюнча абдан жакшы план бар", - деп билдирди жана кийинки этап Палестина аймактары үчүн "чоң өзгөрүү" болорун кошумчалады.

Иликте
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады