ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Африка Биримдиги Судандын бөлүнүү коркунучунун абдан жогору экендиги боюнча эскертти
Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн арасындагы согуш дээрлик эки жылдан бери улантылууда.
Африка Биримдиги Судандын бөлүнүү коркунучунун абдан жогору экендиги боюнча эскертти
/ Reuters

Африка Биримдиги шаршемби күнү согуштан жабыркаган Суданда параллелдүү өкмөттүн жарыяланышы өлкөнү бөлүп-жаруу коркунучун жаратат деп билдирди.

Парамилитардык Ыкчам колдоо күчтөрү (RSF) менен Судан армиясы ортосундагы кагылышуулар, он миңдеген кишинин өлүмүнө жана  12 миллиондон ашуун кишинин жер которуусуна себеп болду. БУУ бул кырдаалды Африка континентинде «окшошу болбогон адамзаттык кризис» деп мүнөздөдү.

Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы согуш башталышта  Ыкчам колдоо күчтөрүнүн армияга интеграциясы тууралуу келишпестиктер менен башталган болсо да өлкөнү толугу менен экиге бөлдү. Судан армиясы чыгыш жана түндүк аймактарын көзөмөлгө алып, Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурдун батышын дээрлик толугу менен түштүктүн да айрым аймактарын көзөмөлдөп турат.

Өткөн айда Ыкчам колдоо күчтөрү жана союздаштары Найробиде параллелдүү өкмөт түзүү боюнча "негиздөөчү хартияга" кол коюшту.

Африка Биримдиги билдирүү жасап, бул кадамды айыптап, "мындай аракет өлкөнү бөлүп-жаруу коркунучун жаратат" деп эскертти.

AFP агенттиги көргөн документке кол койгондор козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарда "тынчтык жана биримдик өкмөтүн" түзүүнү көздөшүүдө.

Март айынын башында Ыкчам колдоо күчтөрү жана союздаштары дагы бир жолу Найробиде "Өткөөл Конституцияга" кол коюшкан.

Африка Биримдиги мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту "Судан Республикасынын аймагын же анын институттарын бөлүп-жарып башкарууга багытталган эч кандай өкмөттү же параллелдүү түзүмдү тааныбоого" чакырды.

Ошондой эле Африка Биримдиги "Судан Республикасындагы аталган өкмөттү же параллелдүү түзүмдү тааныбайт" деп кошумчалады.

Шейшемби күнү Европа Биримдиги да бир билдирүү жасап параллелдүү өкмөттүн Судан калкынын демократиялык күтүүлөрүнө  коркунуч келтиргендигин айтты. Бул билдирүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өткөн жумадагы билдирүүсүнө окшоп жатат.

Иликте
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет