ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран Дубайда Кувейттин мунай танкерине дрон менен кол салды
Чийки мунай ташып бараткан Al Salmi кемеси Дубайда токтоп турганда дрон чабуулуна кабылып борту зыян тартты; жетекчилер мунайдын сууга агып кетпегенин билдиришти.
Иран Дубайда Кувейттин мунай танкерине дрон менен кол салды
Иран Кувейттин мунай танкерине кол салды / AP
 

Kuwait Petroleum компаниясы шейшемби күнү эртең менен Бириккен Араб Эмирликтериндеги Дубай портунда токтоп турган ири кувейттик Al Salmi чийки мунай танкери Иран өндүрүшүндөгү дрондун кол салуусуна кабылганын жарыялады.

Компания танкерге жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:10до (дүйшөмбү күнү саат 20:10 GMT) кол салуу болгонун айтты.

Окуя болгон учурда кемеде чийки мунай бар эле.

Кувейт кабар агенттиги (KUNA) жарыялаган билдирүүгө ылайык, кол салуу танкердин бортуна олуттуу зыян келтирип, өрткө алып келди.

Kuwait Petroleum айланадагы сууларга мунай төгүлүшү мүмкүн деп эскертти.

Дубайдын медиа кеңсеси окуяда эч ким жабыркабаганын жана танкердеги 24 экипаж мүчөсүнүн баары аман-эсен экенин билдирди.

Дубай бийлиги чара көрүү топтору "окуяны ийгиликтүү көзөмөлдөгөнүн" жана мунай төгүлгөнү тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөнүн айтты.

Нью-Йорк товар биржасында (Nymex) мунайдын фьючерстери бул жаңылыктан кийин 3% дан ашык көтөрүлүп, саат 23:37де бир баррели 106,05 доллардан сатылды.

Ал эми Brent чийки мунайынын баасы саат 23:06да бир баррели 115,35 доллардан сатылып, бул окуядан кийин 2,57% га жогорулады.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди