ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Лула да Силва Трампты «Тынчтык кеңешине» Палестинаны кошууга чакырды
Бразилиянын президенти Газа жана Палестина өкүлчүлүгүнө көңүл бурган Тынчтык Кеңешин түзүүнү каалайт.
Лула да Силва Трампты «Тынчтык кеңешине» Палестинаны кошууга чакырды
Лула АКШ жетектеген тынчтык уюмун Газага чектөөнү жана Палестинага орун берүүнү сунуштайт. / Reuters

Бразилиянын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, өлкө башчысы Лула да Силва АКШ президенти Дональд Трампка кайрылып, анын демилгеси болгон «Тынчтык кеңешине» Палестинаны кошууну жана бул кеңештин ишин Газа тилкеси менен чектөөнү сунуштады.

Дүйшөмбү күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки лидер Вашингтондо өтүүчү жолугушууда бул маселени тереңирең талкуулоо боюнча чечим чыгарышты.

50 мүнөттүк сүйлөшүүдө Лула «Тынчтык Кеңешин» Газага гана тиешелүү кылып чектөөнү жана мүчөлөрүнүн катарына Палестинага да орун берилишин талап кылды.

Мындан тышкары, Лула глобалдык башкаруунун келечегине тынчсыздануусун билдирип, Бириккен Улуттар Уюмуна комплекстүү реформа жүргүзүүгө, анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүгө чакырды.

Туруксуз мамилелер

Лула жана Трамп октябрь айындагы алгачкы расмий жолугушуусунан бери тыгыз байланышта боло башташты. Бул сүйлөшүүлөр Бразилия менен Вашингтондун ортосундагы бир топ жылга созулган кастык доорунан кийин мамилелердин жумшарганын айгинелейт.

Жакшырган мамилелердин алкагында, Трам администрациясы Бразилиянын негизги экспорттук товарларын 40 пайыздык бажы алымдарынан бошотту жана бразилиялык жогорку даражалуу сотко карата салынган санкцияларды алып салды.

Эки лидер дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүдө Венесуэладагы абалды да талкуулашты. Лула аймакта «тынчтыкка жана туруктуулукка» чакырды. Ушул айдын башында Лула АКШнын Николас Мадурону бийликтен кетирүүгө багытталган Венесуэлага каршы аракеттери «кабыл алынгыс чектен ашып кеткенин» билдирген болчу.

Бразилиянын президенттик администрациясынын маалыматы боюнча, Луланын Вашингтонго сапары февраль айына пландалган Индия жана Түштүк Корея сапарларынан кийин ишке ашат. Иш сапардын так мөөнөтү жакында аныкталат.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат