Стамбул аэропорту Европада биринчи, дүйнөдө 5-орунда
ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Стамбул аэропорту Европада биринчи, дүйнөдө 5-орундаСтамбул аэропорту 7-13-сентябрь аралыгында күнүмдүк орточо 829 каттам менен дүйнө жүзү боюнча 5-орунду ээлеп, күнүмдүк орточо 1643 каттам менен да Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп калды.
Стамбул аэропорту (AA)

ТТранспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Европанын Аба навигациясынын коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) 17-сентябрдагы Европа авиациясына сереп салуу отчетуна баа берди.

Отчетко ылайык, Стамбул аэропорту Европадагы лидерлигин сактап калганын билдирген Уралоглу: "Стамбул аэропортубуз 7-13-сентябрь аралыгында күнүмдүк орточо 1643 каттам менен Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп калды. Андан кийин күнүмдүк 1413 каттам менен Амстердам жана 1407 каттам менен Париж Шарль де Голль турат", - деди.

Уралоглу Стамбул аэропортундагы каттамдардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга өскөнүн белгилеп, Анталья аэропорту да күнүмдүк орточо 969 каттам менен Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган 10 аэропорттун катарына киргенин баса белгиледи.

Дүйнөнүн эң тыгыз беш аэропорту арасында

Бул аэропорттун дүйнөлүк масштабда да маанилүү орунга жеткенине токтолгон Уралоглу мындай деди: "Биздин Стамбул аэропорту 7-13-сентябрь аралыкта күнүнө орточо 829 учуу менен дүйнө боюнча 5-орунга жайгашты. Аэропортубуз ушундайча дүйнөнүн эң тыгыз беш аэропортуна кирди."

Уралоглу өлкөлөр боюнча аба кыймылынын көрсөткүчтөрүнө да токтолуп, Түркиянын күнүмдүк орточо 4 миң 191 каттам менен Европада аба кыймылынын эң жогорку көлөмүнө ээ өлкөлөрдүн арасында 6-орунду ээлегенин, күнүмдүк орточо каттам трафиги өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга өскөнүн билдирди.

Иликте
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Президент Эрдоган Үй-бүлө фестивалына барды
Aselsan гибриддик абадан коргонуу системалары үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Эл аралык космос конгресси Антальяда башталды
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Эрдоган: Жылдын алгачкы 5 айында экспорттун рекорддорун жаңыртуу менен тарыхый ийгиликке жетиштик
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Автоунаа тармагы сентябрь айында кайрадан алдыда
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Стамбул аэропорту Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп саналат
Эрдоган: Түркия коргоо өнөр жайында "толук өзгөрүүгө жетишүүдө"
Эболадан каза болгондордун саны 4000ден ашты
Түркия менен Франциянын ортосундагы коргоо кызматташтыгында маанилүү кадам
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду