ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Газа шаарында бир палестиндик үй-бүлөнүн 30 мүчөсүнүн cөөгү урандыдан чыгарылды
Газа Жарандык Коргоо кызматы 2023 - жылдын декабрь айында Израилдин бир үйгө жасаган кол салуусунда Салем үй - бүлөсүнүн каза болгондугун билдирди.
Газа шаарында бир палестиндик үй-бүлөнүн 30 мүчөсүнүн cөөгү урандыдан чыгарылды
Газа Жарандык Коргонуусу Газа шаарында бир үй-бүлөнүн 30 мүчөсүнүн сөөктөрүн таап чыкты. / AA

Газанын жарандык коргонуусунун маалыматы боюнча, жарандык коргонуу топтору Газа шаарынын батышындагы үйлөрдүн урандысынан бир эле үй - бүлөгө таандык 30 палестиналыктын сөөгүн чыгарышты.

Билдирүүдө каза болгондордун Салем үй - бүлөсүнө таандык экендиги жана 2023-жылдын 19-декабрында Газа шаарынын ар-Римал конушундагы үйлөрүнө жасалган Израилдин аба соккусунан каза болгондугу белгиленди.

Жарандык коргонуу кол салууда үй-бүлөнүн болжол менен 60 мүчөсүнүн каза болгону болжолдолгонун айтты.

Кыйраган үй Жарандык коргонуу тарабынан Газа боюнча Израиль тарабынан талкаланган имараттардын урандыларынын астында калгандыгы болжолдолгон миңдеген палестиналыкты издөө үчүн башталган үзгүлтүксүз өнөктүккө киргизилген биринчи жер болгон.

Жарандык коргонуу урандылардын арасынан сөөктөрдү алып чыгуу үчүн издөө иштери экскаватор сыяктуу чектелген жабдуулар менен улантыларын билдирди.

Палестиналык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Израиль күчтөрү Газанын жарымынан көбүн ээлеп алып, ок атышууну токтотууга карабастан аймактын башка бөлүктөрүндө кл салууларды улантууда.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди