ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Путин: "Эң чоң өзөктүк державалар катары Россия менен АКШ бирдей жоопкерчилик тартат"
Россиянын президенти Дональд Трампты АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, карым - катнаштарды чыңдоого чакырды.
Путин: "Эң чоң өзөктүк державалар катары Россия менен АКШ бирдей жоопкерчилик тартат"
Орусиянын президенти Владимир Путин журналистке маек берүүдө, Москва, Орусия, 28-июнь, 2026-жыл [АРХИВ]. / Reuters

Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен АКШ "эки чоң ядролук держава" катары глобалдык коопсуздук үчүн жалпы жоопкерчиликти бөлүшөрүн айтты.

Кремлден берилген билдирүүгө ылайык, Путин ишемби күнү АКШнын эгемендүүлүгүнүн 250 жылдыгына карата АКШнын президенти Дональд Трампка жолдогон куттуктоо катында Эгемендүүлүк декларациясына кол коюлушу бир гана АКШнын түптөлүшүн эмес, ошол эле учурда "дүйнөлүк тарыхтагы маанилүү бурулуш учурду" да түшүндүрөрүн белгиледи.

Путин Россиянын "Түндүк Американын колониялык державаларынын британ бийлигине каршы эркиндик үчүн күрөшүн шартсыз колдогонун" айтып, Москва менен Вашингтон эки дүйнөлүк согушта тең союздаш болгонун эске салды.

Путин куттуктоосунда: "Биз эки дүйнөлүк согушта тең союздаш болдук, нацизмдин коркунучунан адамзтты биргеликте куткардык, андан кийин заманбап дүйнөлүк тартиптин пайдубалын түптөөдө маанилүү ролду ойнодук. Бүгүнкү күндө Россия менен АКШ эки чоң ядролук держава катары глобалдык масштабда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда өзгөчө жоопкерчиликти алышат", - деди.

Путин Москва менен Вашингтондун ортосунда "конструктивдүү, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу" карым - катнаштарды түзүүнүн маанисин баса белгилеп, бул кадамдардын эки өлкөнүн жана жалпы эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгына кызмат кыларына ишенерин билдирди.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады