САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
"Бул расмий жооп, Трамптын катына карата биздин позициябызды толугу менен түшүндүргөн катты да камтыйт," деди Ирандын тышкы иштер министри.
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Reuters / Reuters
 

Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чакырыгы жана сүйлөшүүдөн баш тартса аскердик аракеттерди көрүү эскертүүсүн камтыган катына жооп бергенин билдирди.

«Бул расмий жоопто, учурдагы кырдаал жана Трамптын каты боюнча биздин позициябыз толук түшүндүрүлгөн кат бар», – деген Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи бейшемби күнү IRNA кабар агенттигине берген маалыматында каттын Оманга тапшырылганын билдирди.

АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамиле болбогондуктан, каттын жеткирилишине мурда да ортомчу болуп келген Оман себепкер болду.

Трамп 2018-жылы Ирандын өзөктүк программасын чектөөнүн ордуна санкциялардын жеңилдетилишин көздөгөн келишимден АКШны бир тараптуу чыгарып салган. Бирок марттын башында ал Ирандын лидери Аятолла Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн жана дипломатиялык сүйлөшүүлөргө ачык экенин жарыялаган.

Буга карабастан, Трамп администрациясы Иранга каршы кошумча санкцияларды жана аскердик кийлигишүү эскертүүсүн камтыган "максималдуу кысым" саясатын улантты.

Арагчи Ирандын Трамптын "максималдуу кысым" саясаты уланып жаткан учурда АКШ менен түз сүйлөшүүлөрдү четке какканын, бирок кыйыр сүйлөшүүлөргө ачык экенин айтты.

«Биздин саясат АКШ менен «максималдуу кысым» жана аскердик кийлигишүү коркунучу астында түз сүйлөшүү эмес, бирок кыйыр сүйлөшүүлөр мурункудай улана берсе болот», - деди.

Ортомчулар

Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда 1980-жылдан бери расмий дипломатиялык мамилелер жок. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы билдирүү алмашуу негизинен Швейцариянын Тегерандагы элчилиги аркылуу ишке ашат.

Буга чейин Оман, кээде Катар сыяктуу өлкөлөр да тараптардын ортосунда ортомчу ролун алышкан. Трамптын Иранга жиберген акыркы катынын Бириккен Араб Эмираттары тарабынан жеткирилгени кабарланды.

Иран 2015-жылы АКШ жана Кытай сыяктуу ири державалар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Бирок Батыш өкмөттөрү көптөн бери Тегеранды жашыруун өзөктүк курал жасоо мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүп жатат деп шектенип келишет. Иран болсо программанын жалаң жарандык максатты көздөгөнүн жактоодо.

Трамп администрациясынын 2018-жылы келишимден чыгууну чечкенинин негизги себептеринин бири Ирандын баллистикалык ракета программасынын келишимде камтылбаганы болду. Вашингтон бул программаны өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары баалады.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) маалыматына караганда, Иран келишимден чыккан АКШга карабай бир жыл бою өз милдеттенмелерин аткарууну улантты. Бирок кийин ал акырындап милдеттенмелерин артка тарта баштады.

Иликте
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды