ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдин Катарга соккусунан алты киши набыт болду, ХАМАСтын сүйлөшүү тобу аман калды
Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу, Хамастын лидерлери Халил аль-Хайя менен Захер Жабариндин кол салуудан аман-эсен кутулганын жарыялады.
Израилдин Катарга соккусунан алты киши набыт болду, ХАМАСтын сүйлөшүү тобу аман калды
/ AP

Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу ХАМАС, Израилдин Дохадагы чабуулунда беш мүчөсү жана катарлык бир коопсуздук кызматкери каза болгонун билдирди. Каза болгондордун арасында ХАМАСтын жогорку лидери Халил аль-Хайянын уулу да бар.

Хамас Израилдин, делегациянын ок атышпоо боюнча сүйлөшүү тобун бутага алган кол салуу аракетинин ишке ашпай калганын билдирди.

Хамастын саясий бюросунун мүчөсү Сухейл аль-Хинди мурда Аль-Жазира телеканалына топтун жогорку даражалуу лидерлери Израилдин чабуулунан аман калганын кабарлаган.

Анын айтымында, чабуулда ХАМАС лидери Халил аль-Хайянын уулу Хаммам аль-Хайя жана кеңсе башчысы Жихад Лубад, ошондой эле бир нече жардамчысы каза тапты.

Аль-Хиндинин маалыматына ылайык, бул кол салуу делегациянын АКШнын Газада ок атышууну токтотуу сунушун талкуулоо үчүн өткөргөн жыйыны учурунда болду. Ал кошумчалагандай, ХАМАСтын лидерлери Халил аль-Хайя жана Захер Жабарин бул чабуулдан аман калышты.

Аль-Хинди ХАМАС Израилди жана АКШны Катардагы чабуул үчүн жооптуу деп эсептей турганын баса белгиледи.

Израиль армиясы болсо ХАМАСтын жогорку жетекчилигине "так" чабуул жасаганын айтты.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү