Кыргызстанда «2-Эл аралык Мавераннахрдан Анадолуга Ислам аалымдары» симпозиуму өттү.
Кыргызстандын Ош шаарында «2-Эл аралык Мавераннахрдан Анадолуга Ислам аалымдары: Карахандар доору» аттуу симпозиум өттү.
Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин жана Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинин теология факультеттери биргелешип уюштурган симпозиумга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан баш болгон 8 өлкөнүн академиктери катышты.
Иш-чаранын ачылышында ОшМУнун теология факультетинин деканы Ниязалы Арипов «Карахандар доорунда 9-13-кылымдарда Орто Азияда жана Кыргызстанда пайда болгон ислам аалымдары дүйнөгө этика жана илим жаатында чоң салым кошушкан. Бүгүнкү иш-чара аларга арналды», - деди.
ОшМУнун проректору Элзарбек Эшаров Карахандар доорунда ислам дини расмий дин катары кабыл алынгандан кийин медреселер, китепканалар, илимий борборлор ачылганын белгиледи.
Эшаров бул мезгилде Сатук Бугра Хан, Юсуф Хас Хажиб (Жусуп Баласагун), Махмуд Кашгари сыяктуу маанилүү аалымдар билим алып жетилгенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этникалык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Рухатбек Адыбекуулу ислам дини Орто Азияга VII кылымда кирип, Карахандар доорунда мамлекеттик саясатка айланганын билдирди.
Адыбекуулу Карахандар доорунда шаарлар өнүгүп, илимпоздор өскөндүгүн айтып, Кыргызстандагы Бурана жана Өзгөн мунаралары бул цивилизациянын изин калтырган тарыхый экспонаттар экенин белгиледи.
Ош облустук муфтийи Султан Гафуров 21-кылымда Мавераннахрдан Анадолуга чейин жашаган элдердин биримдигинин жана ынтымагынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Гафуров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркиянын өкмөт өкүлдөрүнө жана Дин иштери боюнча башкармалыгына ыраазычылык билдирди.
«Соңку кездери илимий чөйрөлөр Караханиддер дооруна өзгөчө көңүл буруп жатышат»
Анкара Йылдырым Беязыт университетинин теология факультетинин деканы, профессор, доктор Нури Адыгүзел : «Бүгүн Карахандардын ой-пикирин талдаганыбызда, ислам пикиринин жаңыланышы жана анын жаңы бир горизонт катары пайда болушун да талкуулайбыз»,-деди.
Анкара университетинин Теология факультетинин окутуучусу жана Хадис тарыхы коомунун төрагасы профессор, доктор Мехмет Эмин Өзафшар: «Бул абдан өзгөчө аймакты төрт кылымга жакын башкарган династия жана анын калкы чыгарган илим, искусство, адабият, маданият, архитектура жана саясий моделди талкуулоо үчүн өзгөчө бир күн тартиби менен чогулдук»,- деди.
Өзафшар акыркы мезгилде илимий чөйрөлөрдүн Карахандар дооруна өзгөчө көңүл бура баштаганын белгилеп: «Бул симпозиум ошол эмгектин бир мисалы»,-деди.
Симпозиумга сегиз өлкөдөн 91 баяндама сунушталды
Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин теология факультетинин окутуучусу, симпозиумду уюштуруу комитетинин төрагасы доцент, доктор Ферхат Гөкче ОшМУнун теология факультетинде 4 жыл иштегендигин жана бул жерге бир туугандары менен жолугушуу үчүн келишкенин билдирди.
Гөкче 8 өлкөдөн келген илимпоздордун симпозиумда дин, тил, маданият, архитектура жана тарых тармактарында жалпы 91 баяндамасын сунуштаарын белгиледи.

















