ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Шри-Ланка жакынында "чет элдик суу астында кеменин" чабуулунан кийин 100дөн ашык деңизчи дайынсыз
Шри-Ланка күчтөрү Галленин түштүгүндөгү жээкте IRIS Dena чөгүп кеткенден кийин экипажды куткаруу үчүн биргелешкен операция башташты.
Шри-Ланка жакынында "чет элдик суу астында  кеменин" чабуулунан кийин 100дөн ашык деңизчи дайынсыз
Шри-Ланканын Галле шаарынын жанында Ирандын "Ирис Дена" аскер кемесине суу астындагы кайыктын чабуулу болгондон кийин, Галле жээгинен бир кеме сүзүп баратат. / Reuters

Түштүк Азиядагы арал-мамлекет Шри-Ланканын жээгине жакын жерде Ирандын аскердик кемеси "чет элдик суу астындагы кеменин чабуулуна кабылганы" кабарланууда. Жергиликтүү коргоо булактарына таянуу менен берилген маалыматка караганда, кеминде 101 деңизчи дайынсыз болууда.

Daily Mirror басылмасынын шаршемби күнкү маалыматына ылайык, окуядан  78 деңизчи жаракат алган, бирок алардын өздүгү азырынча тактала элек.

Куткаруу операциясы жана алгачкы маалыматтар

Шри-Ланканын деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Буддика Сампат чөккөнү болжолдонгон кемеден бир нече адамдын сөөгү табылганын билдирди.  Сампат News Wire агенттигине буларды билдирди:

"Биз сууда сүзгөн жүргөн адамдарды таап, куткардык. Кийинчерээк алардын Иран кемесинин кызматкерлери экенин аныктап, дароо Карапития билим берүү ооруканасына жеткирдик. Ошондой эле табылган сөөктөрдү да ушул кемеге таандык деп болжоп жатабыз, анткени алар белгиленген аймактан табылды".

Ирандын деңиз флотунун Түштүк флотунда кызмат кылган IRIS Dena фрегаты Шри-Ланканын түштүк жээгинде, Галле шаарынан алыс эмес жерде чөккөн. Учурда өлкөнүн деңиз жана аба күчтөрү биргелешкен куткаруу операциясын жүргүзүүдө. Расмий органдардын билдиришинче, кемеден жардам сураган (SOS) белгиси келгенден кийин негизги көңүл экипажды эвакуациялоого бурулган.

"Окуя кырсык катары каралууда"

Буддика Сампаттын айтымында, деңиз күчтөрү окуя болгон жерге барганда кеме табылган эмес, болгону күйүүчү майдын издери гана көрүнгөн. Кеменин чет элдик суу астындагы кеме тарабынан атылгандыгы тууралуу сөздөргө Сампат төмөнкүдөй жооп берди:

"Биз издөө-куткаруу иштеринен кийин техникалык иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Азырынча Шри-Ланканын деңиз күчтөрү катары бул (чабуул тууралуу) маалыматтарды толугу менен четке кагабыз. Окуяга азырынча  кырсык катары каралууда жана ал биздин аймактык сууларыбыздан тышкары жерде болгон".

Аймактагы чыңалуу жана контекст

Бул окуяга чейин IRIS Dena кемеси Индиянын Вишакхапатнам шаарында өткөн "Milan 2024" көп улуттуу деңиз машыгууларына катышкан.

Окуя аймактагы кырдаал курчуп турган учурга туш келди:

Өткөн ишембиде АКШ жана Израилдин аба соккуларынан Ирандын диний лидери Али Хаменеи жана 786 адам (анын ичинде мектеп окуучулары) каза болгону кабарланган.

Тегеран буга жооп катары Перс булуңундагы АКШга тиешелүү объекттерге дрон жана ракеталар менен сокку урган. Натыйжада 6 АКШ аскери набыт болуп, көптөгөн адамдар жаракат алганы айтылууда.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"