ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп : Чарли Кирктин өлүмүнө шектелген адам кармалды
Консервативист активист Чарли Кирк 2025-жылдын 10-сентябрында киши колдуу болду, анын өлтүргөн киши 24 саатан ашык убакыт качып жүргөн.
Трамп : Чарли Кирктин өлүмүнө шектелген адам кармалды
/ AA
13 Сентябрь 2025

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Юта штатындагы университетте консервативист активист Чарли Киркти өлтүрүүгө шектелип жаткан адамдын кармалганын жарыялады. Шектүүнүн кармалышы менен Трамп "жийиркеничтүү кол салуу" деп атаган окуядан кийин башталган тынымсыз издөө операциясы аяктады.

Кирктин өлтүрүүчүсү шаршемби күнү Юта өрөөнү университетинде Киркти бир эле снайпердик ок менен аткандан кийин 24 сааттан ашык убакыт бою полициядан жана федералдык агенттерден качып жүрдү.

Трамп Fox News каналына берген маегинде : “Менимче аны кармадык”,- деди жана кылмышкерди тааныган бир кишинин кабарлагандыгын кошумчалады.

Шектүүнүн 22 жаштагы Тайлер Робинсон экени аныкталды.

Буга чейин тергөөчүлөр шектүүнүн Киркти өлтүрүү үчүн колдонгону болжолдолгон жылмакай мылтыкты тапакандарын билдиришкен, ошондой эле коопсуздук камераларынан алынган жана "шектүү адам" деп сыпатталган адамдын бүдөмүк сүрөттөрүн жарыялашкан. ФБР тарабынан таратылган сүрөттөрдө шектүү кара футболка, кара көз айнек жана кочкул түстөгү баш кийим кийип жүргөн. Узун жеңдүү футболкасында АКШ желегинин алдында учуп бараткан ак баштуу бүркүттүн сүрөтү көзгө урунган.

Кирк - жазуучу, подкаст алып баруучу жана Трамптын жакын өнөктөшү катары белгилүү. Ал Республикачыл партиянын жаш шайлоочулар арасындагы колдоосун күчөтүүгө жардам берген.

ФБР жана штаттын жетекчилери кол салган адамдын иш-чара башталаардан бир нече мүнөт мурун кампуска келгенин билдиришти. Кирктин "Мени туура эмес деп далилде" аттуу талкуу сессиясы Солт-Лейк-Ситиден 65 км түштүктө жайгашкан Юта өрөөнүндө 3000 адамдын алдында өтүп жаткан.

Жетекчилер пресс-конференцияда коопсуздук камераларынын видеолорунда бир киши чатырга тепкич менен чыгып, ал жерден тапанча менен ок атканын көргөндөрүн айтышты. Курал укуктарынын ишенимдүү жактоочусу Кирк массалык куралдуу кол салуулар тууралуу бир көрүүчүнүн суроосуна жооп берип жатканда ок анын мойнуна тийген. Жанындагылар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен.

ФБРдин атайын агенти Роберт Болс кол салган адам чатырдан секирип, кошуна кварталга качканын билдирди. Тергөөчүлөр жакын жердеги токойлуу аймактан "жогорку калибрлүү, жылмакай мылтык" табышты жана андан тышкары алакан издерин жана бут издерин изилдөөгө алышты.

Бейшемби күнү сабактардын токтотулушунан улам ээн калган кампуста имараттын чатыры жана жакын жердеги токойлуу аймак текшерүү үчүн сары ленталар менен курчалды.

Юта штатынын коомдук коопсуздук боюнча комиссары Бо Мейсондун айтымында, кол салган адам университетте окуган курактагыдай көрүнгөн жана кампуста "оңой эле байкалган эмес”.

Консервативдүү студенттик топтун негиздөөчүсү жана президенти Кирк, шаршемби күнү АКШ университеттеринин кампустарында өткөрүү пландалган "American Comeback Tour" аттуу 15 аялдамалуу кампус турунун алкагында Юта өрөөнүндө эле.

Трамп Киркти АКШнын эң жогорку жарандык сыйлыгы болгон Эркиндик медалы менен сыйлай турганын билдирди.

Иликте
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси Стамбулда өттү
Индонезия: Газа тынчтык күчү 20000 аскерден турушу мүмкүн
Грек премьер-министринин Түркия сапары карым  - катнаштарда жумшоонун белгисин берүүдө
Кытай Кубанын күйүүчү май көйгөйүн чечүүгө аракет кылууда
Россия кол салуусунда Украинанын Одесса облусундагы  энергетика объектисине сокку урду
АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөр ылдамдады: Иран Оманга коопсуздук кызматынын башчысын жөнөттү
Робот иттер 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубокто Мексика полициясына колдоо көрсөтөт
Түркиянын Roketsan компаниясы Риядда жасалма интеллект менен иштеген EREN ок-дарыларын көрсөттү
АКШ соту депортациялоонун жолун ачты: Трамп миңдеген адамдын коргоо макамын алып салууну көздөйт
Ливияда тез жардам тик учагы кулап, беш адам каза болду
Колумбиянын түндүгүндө катуу жааган жамгыр селдерге жана жер көчкүлөрүнө алып келди
Түркиянын тышкы иштер министри Иранга жасалган аба соккулары режимдин алмаштырбай турганын айтты
Японияда катуу жааган кар 46 адамдын өмүрүн алды
Орусиянын дрондору Одесса жана Харьков шаарларына сокку урду
Сириянын түндүк  - батышында болгон селден улам жүздөгөн киши жер которууга аргасыз болду