ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Европа Биримдиги Россиянын активдерин "мөөнөтсүз тоңдуруу" аракетинде
Россиянын Борбордук банкы Европа Биримдигинин тоңдурулган активдерди пайдалануу пландары мыйзамсыз экенин жана бул сунушка каршы чыгарын билдирди.
Европа Биримдиги Россиянын активдерин "мөөнөтсүз тоңдуруу" аракетинде
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас келерки аптадагы Европа Кеңеши Украинанын алдыдагы жылдарга каржылык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн чечүүчү болорун билдирди. / Reuters

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас Европада сакталган орус  активдерин "белгисиз мөөнөткө тоңдуруу" чечимин жарыялады.

Каллас жума күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө: "Европа Биримдиги орус активдерин белгисиз мөөнөткө тоңдуруу чечимин кабыл алды. Бул Россия жол ачкан  зыянды толук төлөп бермейинче, 210 миллиард еврого чейинки (246 миллиард доллар) орус каражаттардын Европа Биримдигинин аймагында калышын камсыздайт", - деди.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул чечимди кубаттап, мунун  Россияга согуш улана берсе, чыгымдар дагы өсө берери жөнүндө "күчтүү сигнал" бергендигин баса белгиледи.

Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста да ошол эле платформада: "Октябрдагы #EUCO (Европа Кеңешинин жыйыны) саммитинде Европа Биримдигинин лидерлери орус активдеринин Россия  согушту токтотуп, келтирген зыянды төлөп бермейинче, орус активдерди тоңдурулган бойдон сактоого убада берген. Бүгүн биз бул убаданы аткардык", - деп билдирди.

Чечим блоктун Украина үчүн же түздөн-түз карыз алуу же Euroclearда санкциялардын алкагында тоңдурулган Россиянын активдерин колдонуу аркылуу 105 миллиард долларды бошотуу максатында кабыл алынды.

Европа Биримдигинде тоңдурулган орус активдеринин негизги сактоочусу Euroclear компаниясынын кожоюну Бельгия  план тууралуу күмөн саноолорун билдирип, өлкөнүн жалгыз юридикалык кыйынчылыктарга туш болушунан жана  каржылык жоопкерчиликти  алышы мүмкүн экендигинен кооптонууда.

Бельгия өкмөтү мүмкүн болгон финансылык жана юридикалык тобокелдиктерди азайтуу жана Euroclearди жакшы коргоо үчүн Европа Биридиги Комиссиясынын алгачкы сунушуна бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылды.

Ошол эле учурда, Россиянын Борбордук банкы жума күнү эртең мененки сааттарда Европа Биримдигинин тоңдурулган активдерди колдонуу пландары мыйзамсыз экенин жана бул сунушка каршы чыгаарын билдирген.

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт