ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль оккупация астындагы Батыш Шерианын 82 пайызын аннексиялоону пландап жатат
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы сентябрь айында Палестина мамлекетин таанууга даярданып жаткан учурда, израилдик ашынган оңчул министр Безалель Смотрич: "Биздин жерибизде эч качан Палестина мамлекети болбойт", - деди.
Израиль оккупация астындагы Батыш Шерианын 82 пайызын аннексиялоону пландап жатат
/ Reuters

Ашыкча оңчул каржы министри Безалел Смотрих шаршемби күнү Израиль басып алган Батыш Шеринанын 82 пайызын аннексиялоону пландап жатканын, муну менен Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө пландалып жатканын билдирди.

Ашыкча оңчул Диний сионизм партиясынын лидери Смотрих Кудста өткөргөн пресс - жыйынында :«Израилдин эгемендиги аймактын 82 пайызына тиешелүү болот», - деди.

Ашыкча оңчул министр ошондой эле: "Иудейде жана Самарияда (Батыш Шериа) Израилдин эгемендүүлүгүн ишке ашыруу жана кичинекей жерибизди бөлүү идеясын толугу менен таштоонун убакытысы келди",- деди.

Смотрих палестиналыктардын иштерин Палестина башкаруусу тарабынан башкарыларын бирок кийинчерээк мунун ордуна “аймактык жарандык башкаруунун альтернативалары” келерин айтты.

Смотрих аннексиялоонун негизги принциби «максималдуу территория, минималдуу араб калкы» экендигин белгиледи.

Израилдик министр : "Биздин жерибизде Палестина мамлекети эч качан болбойт жана болушу мүмкүн эмес. Эгер Палестина бийлиги бизге каршы аракет кыла турган болсо, биз аларга Хамаска жасагандай мамиле жасап, аларды жок кылабыз",- деди.

Белгия, Франция, Улуу Британия, Канада жана Австралия сыяктуу бир нече өлкөлө 8-23-сентябрда өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Палестина мамлекетин таануу пландарын жарыялашты. Бул кадамга буга чейин 147 мамлекет кошулган.

Смотрих премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну “Иудея жана Самариядагы (оккупацияланган Батыш Шериа) бардык ачык аймактарга Израилдин эгемендигин колдонуу боюнча тарыхый чечим кабыл алууга” чакырды.

Израиль 20-августта оккупациядагы Батыш Шерианы эки бөлүккө бөлүүнү жана түндүктөгү Рамалла менен Наблус шаарларын түштүктөгү Бетлехем жана Хеврондон ажыратууну жана оккупацияланган Чыгыш Кудсту изоляциялоону да көздөгөн E1 аттуу ири отурукташуу долбоорун бекитти.

Эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ, Израилдин отурукташуу аракеттерин эл аралык мыйзамдарга каршы деп эсептейт.

БУУ конуштардын кеңейиши улана бере турган болсо, ондогон жылдар бою уланып келе жаткан Палестина-Израиль жаңжалын чечүүнүн негизги алкагы катары каралып келген эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурары тууралуу бир нече жолу эскерткен.

Өткөн июль айында Эл аралык сот Израилдин Палестина жерлерин басып алуусун мыйзамсыз деп таап, басып алынган Батыш Шериа менен Чыгыш Кудстагы бардык конуштарды эвакуациялоого чакырган кеңеш берүүчү корутундусун чыгарган.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды