ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү
Эки өлкөнүн ортосунда келишимдерге кол коюлуп, Азербайжан Түркмөнстанга мунай ташуучу танкер белек кылды.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү
Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов Азербайжанда

 

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанга жасаган расмий сапарынын негизинде президент Илхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушууларда транспорт, энергетика, экономика жана өнөр жай башта болгон түрдүү тармактарда кызматташтыктын өнүктүрүлүшү каралды.

Сапардын алкагында Алиев менен Бердимухаммедовдун катышуусу менен Азербайжанжан Түркмөнстанга белекке берилген «Достук» аттуу мунай танкеринин онлайн форматта тапшыруу аземи өттү. Баку кеме куруу заводунда курулган танкер  141  метр узундукта жана  эни 16,9 метр кеңдикте, сууга түшүү көлөмү 4,54 метр. Жүк көтөрүмдүүлүгү 7 875 тонна болгон бул танкерге эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу катары баа берилүүдө.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Алиев менен Бердимухаммедов биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле бажы, спорт, эмгек жана социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, экономика жана каржы тармактарындагы тиешелүү мекемелердин ортосунда ар кандай келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Кол коюлгандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүлдү.

Алиев транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуунун бир гана эки өлкө үчүн эмес, дагы кенен бир география үчүн да стратегиялык мааниге ээ экендигин белгиледи.

Алиев дүйнөдө ишенимдүү жана коопсуз транспорттук коридорлордун саны чектелүү экенин белгилеп: "Өлкөлөрүбүздүн ортосунда саясий өз ара ишеним болбогондо, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн географиялык мүмкүнчүлүктөр жалгыз бул долбоорлордун ишке ашырылышында жетишсиз болмок. Көбөйгөн жүк ташууларды мындан ары өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөрдөн жаңы жүк агымдарын тартуу максатында транспорт жана логистика тармагында координацияны күчөтүүгө макулдаштык",- деди.

Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов да Азербайжанга "Достук" мунай танкерин белек кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул белекти эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык карым  - катнаштардын символу катары карай турганын билдирди.

Бердимухаммедов танкердин эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошоруна ишенерин билдирип, Түркмөнстан Азербайжан менен карым  - катнаштарын мындан ары да өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Бердимухаммедов Азербайжан жана Түркмөнстан элдерин кылымдар бою жакшы коңшулук мамилелери, жалпы тарыхы, маданияты, тили жана руханий баалуулуктары байланыштырып тураарын кошумчалады.

Иликте
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди
АКШ президенти Трамптын Анкарадагы программасы белгилүү болду
Президент Эрдоган  НАТО саммитинде дүйнө лидерлерин тосуп алат
Германия: ЕвропаТрампка  жамааттык коргонуу тууралуу берилгендигин НАТОдо көрсөтөт
Иранда Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын экинчи күнүндө дубалар окулду