ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газада дагы бир жолу ок атышуу эрежесин бузуп эки палестиналыкты өлтүрдү
Хамас "ачык түрдө эреже бузуу" деп мүнөздөп айыптаган кол салууну токтотуусу үчүн Израилге кысым жасоого чакырды.
Израиль Газада дагы бир жолу ок атышуу эрежесин бузуп эки палестиналыкты өлтүрдү
Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы геноцидинде 71,000ден ашуун палестиналыкты, негизинен аялдарды жана балдарды өлтүрдү. / Reuters

Аскердик булактардын маалыматы боюнча, Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында эки палестиналыкты өлтүрүп, октябрь айынан бери күчүндө турган ок атышууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузду.

Израиль армиясы Рафахтын батышына танк жөнөткөнүн, ал жерде ок атып, абадан сокку урганын билдирди.

Еврей тилинде чыгуучу «Israel Hayom» гезити кагылышуу учурунда Израилдин эки аскери жеңил жаракат алганын кабарлады.

Палестина каршылык көрсөтүү тобу ХАМАС Израилдин чабуулдарын ок атышууну токтотуу келишимин «ачк түрдө бузуу» деп айыптады.

Хамас ортомчулар жана кепил өлкөлөрдөн да “Израилдин кайталанган эреже бузууларын” айыптоону талап кылып, Беньямин Нетаньяхуну «жалган жана ойдон чыгарылган шылтоолор» менен чабуулдарды башкарууда деп айыптады.

Ошондой эле ХАМАС ок атышууну токтотуу шарттарын сактоону, Рафах чек ара бекетин эки тараптан тең кайра ачууну, гуманитардык жардамдарды киргизүүгө уруксат берүүнү жана келишимдин экинчи этабын дароо ишке ашырууну талап кылды.

Ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр

Ошол эле учурда ХАМАС делегациясы ок атышууну токтотуунун кийинки этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Египеттин борбору Каирге барды.

ХАМАС берген билдирүүсүндө делегацияны Газадагы кыймылдын лидери Халил аль-Хайянын жетектегенин билдирди.

Билдирүүдө сүйлөшүүлөрдүн ок атышууну токтотууну ишке ашырууну аяктоого; биринчи фазанын бүтпөй калган кадамдарын чечүүгө жана Газа менен Египеттин ортосундагы Рафах чек ара бекетин эки багытта тең кайра ачууга багытталаары айтылган.

ХАМАС ошондой эле административдик комитет түзүү жана Израилдин Газадан толугу менен чыгып кетишин камсыз кылуу сыяктуу маселелерди камтыган келишимдин экинчи этабына өтүүнү ылдамдатуунун да такууланарын билдирди.

Израиль 2023 - жылдын октябрь айынан бери Газадагы геноцидинде көпчүлүгү аялдар менен бадар болгон 71 000ден ашуун палестиналыкты өлтүрдү. Блокададагы аймактын чоң бөлүгүн урандыга айландырган Израиль бардык тургундарды жер которууга мажбурлады.

Иликте
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды
Түркияда сот ЖХП курултайын жокко чыгарып, Кылычдароглу партияны жетектөө үчүн кайтып келди
Эверест чокусуна бир күндө 274 альпинист чыгып рекорд койду
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 72 миң 775ке жетти