ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп ядролук курал менен Иранга чабуул жасоону четке какты
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ядролук курал колдонбоону билдирди, АКШ Иранды "өтө салттуу жол менен жоюп салды" деп айтты.
Трамп ядролук курал менен Иранга чабуул жасоону четке какты
Трамп АКШ Ормуз кысыгын "толук көзөмөлдө" экенин, сүйлөшүүлөр чечилгенге чейин аны жабык кармашканын билдирди. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ядролук чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн четке кагып, Ирандын эки жумалык ок ​​атышууну токтотуу учурунда ядролук куралды кайрадан толуктап алышы мүмкүн экенин айтты.

Бейшемби күнү Ак үйдө кабарчынын суроосуна жооп берген Трамп: «Жок! Иранды өзөктүк куралсыз эле толугу менен жок кылуу мүмкүнчүлүгүбүз бар туруп, аны эмнеге колдонушум керек? Эч кимдин ядролук курал колдонусуна уруксат берилбеши керек», — деди.

Трамп ошондой эле Иран эки жумалык ок ​​атышууну токтотуу учурунда "бир аз" кайрадан толуктап алышы мүмкүн экенин айтып, АКШнын муну ылдам эле нейтралдаштыра аларын кошумчалап: "Алардын деңиз флоту, аба күчтөрү, абадан коргонуу системасы жок болду... балким, алар эки жумалык тыныгуу учурунда бир аз кайрадан толуктап адышы мүмкүн бирок ошондой болсо да биз аны бир күндө жок кылабыз", - деди.

Трамп: "Мен эң жакшы келишим түзүүнү каалайм. Азыркы учурда келишим түзө алам, бирок мен муну каалабайм. Келишимдин туруктуу болушун каалаймын",- деди.

Трамп 7-апрелде Иранга "бүтүндөй цивилизация бүгүн кечинде жок кылынат жана эч качан калыбына келтирилбейт" деп коркуткан, бирок бир нече сааттын ичинде АКШ менен Израиль баштаган согушта ок атышууну токтотууга макул болгон. Ошондон бери Трамп ок атышууну узартууну улантууда.

Ормуз кысыгы

Трамп ошондой эле АКШнын Ормуз кысыгын "толук көзөмөлдөй" турганын жана сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин аны жабык кармап тураарын билдирди.

Трамп Ормуз кысыгы тууралуу: “Бизге келишип кысыкты ачууга макул экендерин билдиришти. Менден башка баары кубанды. Күтө тургула, кысыкты ачы турган болсок бул алардын күнүнө 500 миллион доллар киреше табат деген мааниге келет. Бул иш чечилгенге чейин мен алардын күнүнө 500 миллион доллар киреше алашын каалабаймын. Ошондуктан жабык кармакп турам”,- деди.

Күйүүчү майдын баасына токтолгон Трамп, америкалыктардын "бир аз убакытка чейин" жогорулаган бааларды төлөөгө туура келерин баса белгиледи.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу дүйнө жүзү боюнча энергия ресурстарынын кымбатташына алып келди.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу дүйнө жүзүндө энергетика бааларын көтөрдү.

Трамп журналисттерге: «Бир шаарыбызды же бүтүндөй Жакынкы Чыгышты жок кыла турган ядролук куралы жок Иранды көргүм келет», — деди.

Иран өзөктүк куралга ээ болуу максаты жок экенин четке кагууда, БУУнун ядролук энергия боюнча агенттиги да согуштан мурун атомдук бомбанын жакынкы максат эмес экенин билдирүүдө.

Белгилей кетсек, дүйнө тарыхында согуштук максатта ядролук курал колдонгон бир гана өлкө — АКШ. Экинчи дүйнөлүк согуштун акырында Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган бомбалардан болжол менен 214 000 адам каза болгон.

Ал эми АКШнын союздашы болгон Израилдин ядролук куралга ээ экени дүйнөгө кеңири белгилүү болсо да Израиль бул абалды ачык моюнга ала элек.

Иликте
Транспорт министри: Түркияда реактивдүү отун жетишсиздиги жок
Израилдин дрону ок атышууну токтотууга карабастан Бекаа өрөөнүнө сокку урду
Тышкы иштер министри Фидан бейшемби күнү Улуу Британияга эки күндүк расмий сапар менен барат
НАТОнун башкы катчысы Түркиянын коргоо өнөр жайындагы жетишкендиктерди мактады
Украина орус мунайын Европага өткөрүүнү "бир канча сааттын ичинде" кайрадан баштайт
Иранга жакын жерде бир нече сааттын ичинде эки жүк ташуучу кемеге эки башка кол салуу болду
"АКШ  ракета запастарын чоң өлчөмдө жоготту; келечекте кыйынчылык тартышы мүмкүн"
Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташкандар палестиналыктардын мүлкүн өрттөп, зайтун дарактарын кыйышты
2025-жылы Европа Биримдигинде мигранттардын саны рекорддук деңгээлге жетти
АКШ Ирандын соода боюнча ортомчуларына каршы санкция салуу менен коркутту
Иран Бириккен Улуттар Уюмунан АКШнын аракетин айыптоону талап кылды, булуң өлкөлөрүн эскертти
БУУ ок атышпоонун узартылышын "чыңалуунун азайтылышы үчүн маанилүү" кадам деп мүнөздөдү
Ак үйдүн расмий өкүлү Вэнстин Пакистанга сапары азырынча токтотулганын белгиледи
Трамп Тегеранга сүйлөшүүгө убакыт берүү үчүн ок атышууну токтотуу мөөнөтүн узартты
Филиппинде болгон өрт жүздөгөн үйдү жок кылып көп сандаган адам үйсүз калды