ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кытайдын коммунисттик партиясынын мүчө саны 100 миллиондон ашты
Кытайдын башкаруучу партиясы, негизги уюмдардын кеңейиши менен учурда 100 миллиондон ашуун мүчөгө ээ.
Кытайдын коммунисттик партиясынын мүчө саны  100 миллиондон ашты
/ Reuters

Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө мүчөлөрүнүн саны 100 миллиондон ашканын жана мунун “маанилүү бурулуш жери” болгонун жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мао Нин Х платформасында «1921-жылы 60тан аз мүчө менен башталган партия бүгүн 100 миллионго жетти, ар дайым элден жана эл үчүн», – деп жазды.

Кытай Коммунисттик партиясы 2024-жылы партияга 2,13 миллиондон ашуун жаңы мүчөнүн кошулганын билдирди.

Бул мүчөлөрдүн 52,6 пайызы өндүрүштө иштесе, 54,4 пайызы кеминде орто кесиптик билимге ээ болгондор жана 83,7 пайызы 35 жашка чейинкилер.

Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук уюштуруу бөлүмү дүйшөмбү күнү жарыялаган отчетко шилтеме жасап, 2024-жылдын аягына карата Кытай Коммунисттик партиясынын мүчөлүгү 100,27 миллиондон ашып, 2023-жылга салыштырмалуу 1,09 миллионго көбөйдү.

2024-жылдын аягынан тарта мүчөлөрдүн 57,6 пайызы, же болжол менен 57,79 миллиону, орто кесиптик же андан жогорку билимге ээ болгон. Аял мүчөлөрдүн саны 31 миллионго жакын болуп, жалпы мүчөлөрдүн 30,9 пайызын түзгөн.

Кытай Коммунисттик партиясынын баштапкы деңгээлдеги уюмдарынын саны 2024-жылдын аягында 5,25 миллионго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 74 миңге көбөйгөнү билдирилди.

Этникалык азчылыктардан чыккан мүчөлөр жалпы мүчөлөрдүн 7,7 пайызын түзсө, жумушчулар жана дыйкандар 33 пайызын түздү.

Калкы 1,4 миллиарддан ашкан Кытай дүйнөдөгү калкы эң көп экинчи өлкө.

Иликте
Даниянын Копенгаген аэропортуна кайрадан бомба коркунучу тууралуу билдирүүлөр келди
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду