Түркиядан тышкары биринчи жолу Сауд Арабиясында уюштурулган Этноспорт маданият фестивалы Эр-Рияд шаарында өтүп жатат. 19–28-ноябрь күндөрүнө белгиленген иш-чара салттуу спортту, маданиятты жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган.
Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан «Дүйнөнүн салттары Эр-Риядда» урааны астында уюштурулган фестивалдын ачылыш аземине Түркиянын Эр-Рияддагы элчиси Эмруллах Ишлер, конфедерациянын президенти Нежмеддин Билал Эрдоган, Сауд Арабиясынын Королдук кеңешинин кеңешчиси жана Жалпы ойн-зоок башкармалыгынын жетекчиси Турки Аль Шейх жана башка өкүлдөр катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Билал Эрдоган фестивалдын Түркия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелерди бекемдеп, жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүнө ишеним билдирди.
Билал Эрдоган эки өлкөнү жалпы ишеним, тарых жана элдердин ортосундагы бекем байланыштар бириктирерин белгилеп, салттарды сактоо жана урматтоо аркылуу бул байланыштарды мындан ары чыңдоонун зарылдыгын айтты.
Эрдоган Сауд Арабиясынын меймандостугун жана фестивалды уюштуруудагы аракеттерине жогору баа берип, иш-чара ар түрдүү элдердин маданиятын жана спорттук салттарын бириктирерин белгиледи.
Ошондой эле күрөш, ат спорту жана жаа атуу ислам маданий мурасынын маанилүү бөлүгү экенин айтып, салттуу спорт түрлөрү адамдардын тарыхый тамырлары жана жалпы баалуулуктары менен байланышын бекемдей турганын кошумчалады.













