ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран лидери багынбай тургандарын айтты, коңшу өлкөлөрдөн кечирим сурады
Убактылуу жетекчилик кеңеши коңшу өлкөлөргө кол салууларды токтотуу жана ал өлкөлөрдөн кол салуу болмоюнча ракета учурбоо боюнча макулдашты.
Иран лидери багынбай тургандарын айтты, коңшу өлкөлөрдөн кечирим сурады
Пезешкиан — Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин Иранды жетектеген убактылуу кеңештин үч мүчөсүнүн болду. / AP
 

Согуш  экинчи жумасына кирди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөсүнүн эч качан Израилге жана АКШга багынбай турганын айтты.

Пезешкиан мамлекеттик телекөрсөтүүдө  жарыяланган сөзүндө Ирандын душмандарынын Иран калкы шартсыз багынып берет деген үмүттөрүн жок чыгаруу керектигин айтты.

Израиль менен АКШ 28 -  февралда Иранга карата чабуул жасап диний лидер Али Хаманеи өлтүрүлдү жана аймактык кагылышуу күч алды.   

Иран ал күндөн бери Израилге жана аймактагы АКШнын кызыкчылыктарына, өзгөчө Перс булуңу өлкөлөрүндөгү буталарга ракета жана дрондор менен жооп кайтарды.

Пезешкиан Хаменеи каза болгондон бери Иранды башкарып жаткан үч мүчөдөн турган убактылуу лидерлик кеңешинин мүчөлөрүнүн бири.

Пезешкиан сөз сүйлөп жатып  Ирандын аймак боюнча жасаган чабуулдары үчүн коңшу өлкөлөрдөн кечирим сурады жана мындан ары бул өлкөлөрдөн чабуул болмоюнча  бутага алынбай турганын айтты.

 

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди