ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
Иракта расмий жана рыноктук валюта курсунун арасындагы айырмачылыктын экономикада кысым жаратуусу менен динардын АКШ долларына карата расмий курсу 1300дөн 1500гө чейин жогорулатты.
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
(АРХИВ) Багдаддагы акча алмаштыруу жайында кардар банкнотторду алмаштырып жатат. / Reuters
 

Ирак улуттук валютасынын курсун төмөндөтүп, АКШ долларына карата расмий курсун 1300 динардан 1500 динарга өзгөрттү.

Ирактын Борбордук банкы шаршемби күнү билдиргендей, жаңы курс «тиешелүү каржылык, экономикалык жана акча-кредиттик талаптарды» камсыз кылуу максатында бир күн мурда өткөн жыйында Министрлер кабинети тарабынан бекитилди.

Буга чейинки расмий курс 2023-жылы белгиленген. Бирок валюта алмаштыруучу жайлардагы базар курсу расмий курстан дайыма айырмаланып, акыркы айларда бул айырма бир топ өскөн.

Бул айырманын өсүшүнө АКШ менен Ирандын ортосундагы, маал-маалы менен Иракка да таасирин тийгизген согуш жана Ормуз кысыгындагы жүк ташуу иштеринин үзгүлтүккө учурашы да себеп болууда.

Мунай экспортуна көз каранды Ирак согушка чейин мунайынын негизги бөлүгүн Ормуз кысыгы аркылуу ташып келген. Кагылышуулар башталгандан бери өлкө экспорт үчүн мунайды Сирия аркылуу автоунаа жолу менен ташууга өттү. Бул багыт кымбат жана натыйжалуулугу төмөн болуп саналат.

Девальвация жарыяланганга чейин расмий болбогон курс бир АКШ доллары үчүн 1600 динардан ашкан. Жарыядан кийин курс дагы жогорулап, 1700 динардан ашты.

Жаңы тартипке ылайык, Финансы министрлиги долларды 1500 динардан сатса, банктар аркылуу доллар сатып алган керектөөчүлөр 1520 динар төлөйт.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди