Израиль Ливандын түштүгүндө ок атышпоо режимин кайрадан бузду: 1 киши каза болуп, 2 киши жараланды
Бул кол салуу 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө болгон ок атышпоо келишиминин акыркы бузулушу болду.
Израиль 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө турган ок атууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузуп, Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду. Кол салуунун кесепетинен бир адам каза болуп, экөө жаракат алды.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, окуя дүйшөмбү күнү Тир шаарында болгон.
Министрликтин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар борбору өз билдирүүсүндө бир адамдын өлүмүн жана эки адамдын жараланганын тастыктады.
Ливандын мамлекеттик "Улуттук маалымат агенттиги" (NNA) Израилдин учкучсуз учуучу аппараты (ИУА) Тир шаарынын четиндеги унаага чабуул жасаганын кабарлады. Мындан тышкары, агенттик Израилдин дрондору Ливандын түштүгүндөгү Захрани жана Бисарие аймактарынын үстүнөн учуп жатканын, ал эми дагы бир дрон Адисса–Маркаба жолундагы мрамор заводуна үн бомбасын таштаганын билдирди.
Кийинчерээк Ливандагы Хизбуллах тобу Тирдеги чабуулда унаасынын бутага алынганын айтып, "Al-Manar TV" телеканалынын кабарчысы Али Нур ад-Диндин өлтүрүлгөнүн билдирди.
Хизбаллах билдирүүсүндө: «Бул киши өлтүрүү — душмандын чабуулдары медиа тармагынын бардык түрлөрүн жана багыттарын камтыгыдай деңгээлде кооптуу экендигин көрсөтүп турат. Израиль душманынын журналист Нур ад-Динге каршы жасаган бул чыккынчылык кылмышын катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.
Израиль ок атууну токтотуу келишимин бузуу менен жүздөгөн ливандыктарды өлтүрдү. Ошону менен бирге, акыркы согушта басып алган Ливандын беш дөңсөөсүн жана ондогон жылдар бою көзөмөлүндө кармап турган башка аймактарды оккупациялоону улантууда.
Ливан бийлигинин маалыматына ылайык, Израиль 2023-жылдын октябрь айында Ливанга каршы аскердик чабуулдарын баштап, 2024-жылдын сентябрь айында аларды масштабдуу согушка айланткан. Бул кагылышууларда 4000ден ашуун адам набыт болуп, 17000ге жакыны жаракат алган.