Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 25 - сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Ак үйгө сапар менен барарын жана соода, инвестиция, коргонуу өнөр жайында кызматташууну камтыган күн тартиби боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди.
Президент бул жолугушуунун “аймагыбыздагы согуш жана кагылышуулардын токтошуна салым кошорун” ойлогонун атты.
Эрдоган Анкарада журналисттерге берген маегинде : “Президент Трамп менен өкөрө турган жолугушуубуз глобалдык тынчтыкка болгон жалпы көз карашыбыздын алкагында аймагыбыздагы согуштарды жана кагылышууларды токтотууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө салым кошот деп ишенем»,-деди.
Трамп Эрдоган менен болгон «жакшы мамилесин» баса белгиледи
АКШнын президенти Трамп буга чейин Truth Social баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө бул жолугушуунун ишке ашарын жазган.
"Президент менен бирге соода жана аскердик келишимдер боюнча иштеп жатабыз, анын ичинде Boeing учактарын ири көлөмдө сатып алуу, F-16 боюнча чоң келишим жана F-35 сүйлөшүүлөрүн улантуу бар, булардын ийгиликтүү жыйынтыкталышын күтүп жатабыз", – деп жазган.
Трамп : “Президент Эрдоган менен ар дайым жакшы мамиледе болгонбуз. 25 - сентябрда аны чыдамсыздык менен күтүп жатам”,- деп кошумчалады.
Эрдоган акыркы жолу 2019-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө Ак үйгө барган.
Эки лидер 2017–2021-жылдары жеке мамилелерди сактап келишкен, бирок Вашингтондун Сириядагы ПКК жетектеген СДФ террордук уюмга берген колдоосу жана Анкаранын Москва менен коргонуу кызматташуусунан улам карым - катнаштар солгундаган.
2019-жылы Түркия союздаштарынын өзгөчө АКШнын Патриот системаларын менен жетеринче абадан коргонууу мүмкүнчүлүгүн бербегендиктен орус С-400 ракеталык коргонуу системаларын сатып алган.
Вашингтон Түркиянын коопсуздук маселелерин чечүүнүн ордуна, Түркиянын бул тууралуу инвестицияларына карабастан F-35 учактарынын Түркияга сатылышын жоюп, Анкараны өндүрүш программасынан чыгаруу менен жооп кайтарган.
Эрдоган келерки аптада Трамп менен жолугушуусуна эки тараптуу карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн гана эмес, кеңири аймактык чөйрөнү калыптандыруу үчүн да мүмкүнчүлүк катары баа берүүдө.
"Биз АКШ менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча кызматташууну чыңдоо үчүн иштөөнү улантабыз", – деди Эрдоган.
Ак үй бул сапардын так программасын жарыялай элек, бирок жетекчилер экономикалык кызматташтык, коргонуу келишимдери жана Жакынкы Чыгыш менен НАТОну камтыган аймактык коопсуздук маселелеринин талкууланарын күтүшүүдө.
Жолугушуу Анкаранын Вашингтон жана Москва менен мамилелерин тең салмактап, аймактык кагылышууларда ортомчулук ролун аткарып жаткан мезгилге туш келүүдө.










