ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын сенаторлору Гренландияга басып кирүүнүн алдын алуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташты
Эки партиянын биргелешкен долбоору АКШнын НАТОго мүчө мамлекеттердин аймактарын алардын макулдугусуз басып алуусуна жана көзөмөлдөшүнө бөгөт коюуну көздөйт.
АКШнын сенаторлору Гренландияга басып кирүүнүн алдын алуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташты
2026-жылдын 13-январында, шейшемби күнү, Гренландиянын Нуук шаарындагы чиркөөнүн жанында адамдар басып жүрүшөт. / AP

Демократиялык жана Республикалык партиялардан чыккан эки сенатор шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздукту шылтоо кылып Гренландияны басып алуу боюнча кайталанган билдирүүлөрүнөн кийин, ıшейшемби күнү АКШнын НАТОдогу өнөктөштөрүнүн аймактарын басып алуусун же ээлеп алуусуна жол бербөө үчүн мыйзам долбоорун сунушташты.

НАТОнун биримдигин коргоо мыйзамы деп аталган бул мыйзам долбоору демократ сенатор Жанна Шахин жана республикачыл сенатор Лиза Мурковски тарабынан сунушталды.

Мыйзам долбооруна ылайык, НАТОго мүчө мамлекеттин эгемендүү аймагында алардын макулдугусуз блокадага алуу, аскердик операцияларды жүргүзүү, жерлерди басып алуу же аннексиялоо же башка жолдор менен көзөмөлгө алуу үчүн Пентагондун же Мамлекеттик департаменттин каражаттарын колдонууга тыюу салынат.

Шахин билдирүүсүндө: “АКШ НАТО боюнча өнөктөшүнүн аймагын басып алуу же көзөмөлдөө үчүн өз ыйгарым укуктарын колдонушу мүмкүн деген ар кандай божомол Альянсты түздөн-түз алсыратат жана америкалыктардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул долбоор Гренландиянын айланасында айтылган акыркы сөздөрдүн Американын өзүнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын тереңден алсыратканын жана Конгрессте эки партиялуу оппозиция менен беттешкенин ачыкча көрсөтүүдө”,- деп айтылды.

Мурковски болсо: "Американын кеңири ресурстарын биздин союздаштарга каршы курал катары колдонуу идеясы өтө кооптондурат жана Конгресс тарабынан мыйзам менен толугу менен четке кагылышы керек",- деди.

Трамп жекшемби күнү АКШнын Россия же Кытайдын аралды колго алуусуна бөгөт болуу үчүн Гренландияга ээ болушу керектигин айткан, буга чейин да Гренландияга ээ болууну АКШнын экономикалык коопсуздугу үчүн "абсолюттук зарылчылык" деп мүнөздөгөн жана муну "чоң кыймылсыз мүлк келишимине" окшоткон эле.

Гренландия, Дания Королдугунун курамындагы автономдуу аймак катары стратегиялык жайгашуусу жана кен байлыктарынын көптүгү менен АКШнын кызыгуусун тартууда.

Дания жана Гренландия аймакты сатуу боюнча сунуштарды четке кагып, аралдагы Даниянын эгемендүүлүгүн дагы бир жолу ырасташты.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат