ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газадагы ок атышпоо келишимин бузуп, жети кишини өлтүрүп, 45тен ашуунун жарадар кылды
Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысынын берген маалыматына ылайык, Газанын батышындагы Римал районунда бутага алынган имаратта чабуулдан бир нече саат өтсө дагы өрт уланууда.
Израиль Газадагы ок атышпоо келишимин бузуп, жети кишини өлтүрүп, 45тен ашуунун жарадар кылды
Израилдин соккусу Римал районундагы турак жайды өрттөдү. / AP

Анадолу агенттиги (AA) Израилдин Газада турак жай имараты менен жарандык унааны бутага алган аба соккуларынан жети палестиналык каза болуп, 45тен ашуун адам жаракат алганын билдирди.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы булактар жума күнү Анадолу агенттигине берген маалыматта араларында үч аял болгон жаралуулардын Газадагы “Аль - Шифа” ооруканасы менен Палестина Кызылайынын көчмө ооруканасына жиберилгенин билдирди.

Булактар каза болгондордун үчөөсүнүн жарандык унаага жасалган кол салууда, төрт кишинин турак жай имаратына жасалган кол салууда каза болгонун белгилеп, жаралуулардан бир канчасынын абалынын оор экенин маалымдады.

Окуя болгон жерге барган Анадолу агенттигинин кабарчысы, чабуулдан бир нече саат өткөндөн кийин да Газанын батышындагы Римал районунда бутага алынган имаратта өрттүн уланып жатканын билдирди.

Имарат олуттуу зыянга учурап, айланадагы курулуштар да чоң өлчөмдө жабыркаган.

Көргөн күбөлөр Израиль дронунун Абу Аси май куючу станциясына жакын жердеги Аль - Вахад проспктисиндеги жарандык унаага кол салганын Анадолу агенттигине билдиришти.

Ок атышпоо эрежелери бузулууда

Израиль 2023-жылдын октябрь айынан бери Газада жүргүзүп жаткан геноцидде көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 72 600дөн ашуун палестиналыкты өлтүрүп, 172 000ден ашык кишини жарадар кылды.

Ошондой эле аймактын чоң бөлүгүн урандыга айлантып, жалпы калкты жер которууга мажбур кылды.

2025-жылдын октябрь айында ок атууну токтотуу келишимине жетишилгенине карабастан, Израиль бул келишимди күн сайын бузууну улантып, ушул күнгө чейин 857ге жакын палестиналыктын өмүрүн алды жана 2 486 кишини жаракат кылды.

Иликте
"Европа-Атлантика коопсуздугунун келечегин калыптандыруу" боюнча жыйын өттү
Дүйнө чемпионаты оюнунда кагылышуу чыкты
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты