ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Хамас АКШны Израилдин Катарга чабуулуна “шериктеш” деп айыптады
Каршылык көрсөтүү тобу, Израилдин Дохадагы кол салуусу Газада ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн токтотконун билдирди; Ал эми Катар курман болгондорду жерге берип, ортомчулук ролун кайра карап чыгууга убада берди.
Хамас АКШны Израилдин Катарга чабуулуна “шериктеш” деп айыптады
/ Reuters

Хамас Катардагы акыркы сапарга узатуу аземинде АКШны Израилдин сүйлөшүүчүлөргө кандуу кол салуусуна “шериктеш” деп айыптап, мунун Газада ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн бузуу аракети экенин жарыялады.

Хамастын расмий өкүлү Фавзи Бархум телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда: «Бул кылмыш... бүтүндөй сүйлөшүү процессине кол салуу жана Катар менен Египеттеги ортомчу боордошторубуздун ролун атайылап бутага алуу болуп саналат»,- деди.

Бархум Вашингтонду Израилдин чабуулуна "толугу менен шериктеш" деп айыптады.

Шейшемби күнү Дохада болгон кол салуу Перс булуңундагы коопсуздук сезимин бузуп, Гансыз да алсыз болгон Газада ок атышууну токтотуу аракеттерин токтотту.

Катардын баш калаасында Шейх Мухаммед бин Абдул Ваххаб мечитинде эмир шейх Тамим бин Хамад Аль Тани да катышкан жаназа намазы учурунда катуу коопсуздук чаралары көрүлдү. Катар желеги менен жабылган бир табыт жана Палестина желектери менен жабылган беш табыт мечитке алып келинип, андан кийин Месаймир көрүстөнүнө коюлду.

Хамастын билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун арасында Халил аль-Хайянын уулу Хамам, анын кеңсе башчысы Жихад Лабад жана күзөтчүлөр Ахмад Мамлук, Абдалла Абделвахд жана Мумен Хассун болгон. Ошондой эле катарлык лейтенант Бадр Саад Мухаммед аль-Хумайди аль-Досари да чабуулда каза тапкан.

Хамас Хайянын аялы, келини жана неберелери жаракат алганын билдирди. Хамастын башкы сүйлөшүүчүсү жаназада көрүнгөн жок, анын тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Топ менен байланышы бар булактардын айтымында, ​​сөөк коюуга жогорку даражалуу мүчөлөр, анын ичинде Осама Хамдан жана Иззат аль-Ришк катышты.

Катар премьер-министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани CNNге берген маегинде бул чабуул Газадагы израилдик туткундарды бошотуу боюнча “ар кандай үмүттү” жок кылганын жана Доханын ортомчулук ролун кайра карап жатканын ырастады. Аймактык биргелешкен жооп кайтарууну талап кылган Аль Тани, Дохада Араб-Ислам саммити өткөрүлөрүн кабарлады.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин атын түз атабастан кол салууну айыптады жана Катар менен тилектештигин билдирди.

Ак үйдүн маалыматы боюнча, президент Дональд Трамп бул операцияны бекиткен эмес жана өзүнүн өкүлү Стив Виткоффту Дохага эскертүү жөнөтүүгө тапшырган, бирок “чабуулду токтотууга кеч болуп калган”.

Израиль Хамастын жогорку жетекчилигин бутага алганын билдирди. Хамас өзүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрү аман калганын айтса да, аймактык маалымат каражаттары эки саясий бюро мүчөсү оор жаракат алганын кабарлады.

Бир тараптан Биньямин Нетаньяху бейшемби күнү оккупацияланган Батыш Жээктеги отурукташуу долбоорунун аземинде сүйлөп жатып, “Эч качан Палестина мамлекети болбойт” деп убада берди. Бул жер “бизге таандык” деген Нетаньяху ушул айда БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестинаны таануу боюнча эл аралык аракеттерди четке какты.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды