ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Премьер-министр Мелони: Италия АКШнын базалары боюнча келишимдерди сактайт, бирок согушка барбайт
Жоржия Мелони Италия Иранга каршы аскердик операциялар үчүн өз аймагындагы базаларды колдонуу боюнча эч кандай өтүнүч албаганын билдирип, бул аймактык чыңалууга жана өлкөсү үчүн экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Премьер-министр Мелони: Италия АКШнын базалары боюнча келишимдерди сактайт, бирок согушка барбайт
Мелони Италия Иранга каршы аскердик операциялар үчүн базаларды колдонуу боюнча эч кандай өтүнүч албаганын баса белгиледи. / AP

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Италия өз аймагындагы АКШнын аскердик базаларын колдонууну жөнгө салуучу учурдагы эки тараптуу келишимдерди сыйлоону уланта берерин маалымдады.

Бейшемби күнү RTL радиосунда көрсөтүлгөн программада сөз сүйлөгөн Мелони Италия Иранга каршы аскердик операциялар үчүн базаларды колдонуу боюнча эч кандай өтүнүч албаганын баса белгиледи.

"Азырынча бизге мындай өтүнүч түшкөн жок жана биз согушта эмес экенибизди жана согушка баргыбыз келбей турганын айткым келет", - деди Мелони.

Мелони Италия 1954-жылы түзүлгөн, базаларды белгилүү бир логистикалык жана согуштук эмес операциялар үчүн колдонууга мүмкүндүк берген көп жылдык эки тараптуу келишимдердин шарттарын сактай турганын айтты.

Италиянын премьер-министри: «Булар техникалык уруксаттар жана биз логистика жана кинетикалык эмес операциялар деп аталган операциялар жөнүндө сөз кылып жатабыз – жөнөкөй сөз менен айтканда бомбалоону камтыбаган операциялар », - деди.

Молони, мисалы согуштук операциялар үчүн италиялык базаларды колдонуу сыяктуу кеңири суроо-талап пайда болсо, өкмөт кырдаалды парламент менен биргеликте карай турганын айтты.

Премьер-министр ошондой эле аймактагы эскалация коркунучуна көңүл буруп, согуш жана Ирандын реакциясы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Кырдаал «күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон чыңалуу коркунучун» жаратып жатканын айтып, бул процесстин Италияга тийгизген таасиринен кооптонуп жатканын кошумчалады.

Италия Улуу Британия, Франция жана Германия менен бирге Перс булуңундагы өлкөлөргө коргонуу колдоосун жөнөтүүнү карап жатат.

Молони бул кадам аймактагы он миңдеген италиялык жарандарды жана ал жерде жайгашкан болжол менен 2000 италиялык жоокерди коргоого багытталганын айтты. Ошондой эле бул Перс булуңунун энергетикалык ресурстары үчүн өтө маанилүү экенин билдирди.

Премьер-министр ошондой эле кризистин мүмкүн болгон экономикалык кесепеттери жөнүндө эскертип, өкмөт энергия жана азык-түлүк бааларынын өсүшүнө алып келүүчү спекуляциялардын алдын алуу үчүн чара көрөрүн айтты.

Мелони расмий өкүлдөр жаратылыш газынын бааларын көзөмөлдөп жатканын жана бул кырдаалдан пайда көргөн компаниялар салыктардын жогорулашына туш болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

АКШ жана Израиль ишембиден бери Иранга каршы ири масштабдуу чабуулдарын улантып, Жогорку лидер Али Хаменеи жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин кошкондо 926 адамдын өмүрүн алды. Тегеран буга жооп катары Израилге жана АКШнын активдери жайгашкан Перс булуңундагы мамлекеттерге багытталган дрон жана ракеталык чабуулдарды жасады.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"