ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Калифорниянын губернатору Ньюсом Трампты "жарандык согушту баштоого аракет кылууда" деп айыптады
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюcом Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын дагы 2000ге жакын аскери жайгаштырыла тургандыгы тууралуу маалымат алганын билдирди.
Калифорниянын губернатору Ньюсом Трампты "жарандык согушту баштоого аракет кылууда" деп айыптады
Newsom says US Marines shouldn't face their own countrymen. / Reuters
10 Июнь 2025

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги иммиграциялык нааразылык акциялары боюнча талкуу күчөп турган маалда президент Дональд Трампты “көчөлөрдө жарандык согушту баштоого аракет кылууда” деп айыптады.

Ньюсом дүйшөмбү күнү Fox News каналына "Ал тынчтыкты орнотуу үчүн келген жок, согуш үчүн келди. Көчөлөрдө жарандык согушту каалап жатат," деди.

X социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүндө Ньюсом, Трамптын Лос-Анжелеске дагы 2000 Улуттук гвардия аскерин жөнөтүп жатканын укканын айтты.

"Биринчи жөнөтүлгөн 2000 Улуттук гвардиячыбы? Аларга тамак-аш же суу берилген жок. Болгону 300дөйү гана жайгаштырылды, калгандары федералдык имараттарда буйрук күтүп отурушат," деп билдирди. "Бул коомдук коопсуздук үчүн эмес. Бул кооптуу президенттин өзүн көтөрмөлөө аракети".

"Бул жоопкерчиликсиз. Максатсыз. Жана биздин аскерлерге карата сыйлабастык," деп кошумчалады.

700 АКШ деңиз аскери Лос-Анжелеске жөнөтүлөрү жарыялангандан кийин Ньюсом бул чечимди "америкалык баалуулуктарга каршы" деп атады.

Ньюсом Xте" Диктатордук президенттин бурмаланган кыялдарын ишке ашыруу үчүн Американын жеринде өз жарандарына каршы жайгаштырылбашы керек" деди.

"Мен жарандык согушту каалабайм"

Андан соң Трамп көчөлөрдө жарандык согушту каалап жатат деген айыптоолорду четке какты; тескерисинче Ньюсом сыяктуу адамдарга калтырылса жарандык согуш болорун айтты.

Трамп "Жок, бул таптакыр тескерисинче," деди. "Мен жарандык согушту каалабайм. Жарандык согуш Ньюсом сыяктуу адамдарга калтырылса гана болот".

Ак үй буга чейин Лос-Анжелестеги демонстранттарды "радикалдуу солчул жиндилер" деп атап, Ньюсом жана мэр Карен Басстын Трампка ал жактагы иммиграция рейддерин баштаганы үчүн ыраазычылык билдириши керектигин айткан.

Лос-Анжелестеги баш аламандыктар өткөн жума күнү башталган. Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) агенттери шаардагы көптөгөн аймактарга рейд жүргүзүп, АКШда мыйзамсыз жашап жүргөн жүздөгөн адамдарды кармашкан.

Трамптын администрациясы ICE рейддери мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча президенттин планынын бир бөлүгү катары улантыларын билдирди.

Иликте
Нетаньяху Ирандын жаңы Жогорку лидерин коркутуп, АКШ менен Израилдин чабуулун жактады
Кытай Ормуз кысыгындагы бардык тараптарды кемелерге кол салууну дароо токтотууга чакырды
Хакан Фидан: "Түркия Иранда жарандык согушту тутантууга багытталган ар кандай планга каршы"
Батыш Ирактагы аба соккусунан 30 адам каза болду
Түркия Грециянын аралдардын демилитаризацияланган статусун бузуп жатканын билдирди
Эл аралык энергетика агенттиги: Жакынкы Чыгыштагы согуш  мунай жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратты
Ирак сууларында эки чет элдик мунай танкери өрттөнүп, бир адам каза болду
Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган АКШ, Израиль жана  өнөктөштөрүнүн кемелерин эскертти
Иран мектепке кол салууну "кечирилгис согуш кылмышы" деп сыпаттады
Эрдоган Түркиянын тынчтыкты жактаганын баса белгиледи
Пезешкиан Россия жана Пакистан лидерлери менен сүйлөшүп, согушту токтотуу кадамдарын билдирди
Мунайдын баасы баррелине 100 доллардан ашты
Орусия Брянсктагы кол салуудан кийин Украина менен Британияны айыптады
Израиль согуш башталгандан бери 3400 бутага абадан сокку урду
G7 министрлери  энергетикалык камсыздоону сактоо үчүн бардык чараларга даяр