ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия аймактык кагылышуудан улам Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөргө учууга тыюу салууларды узартты
Анкара аймактык аба мейкиндигинин жабылышына байланыштуу Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга каттамдарды токтотууну 9-мартка чейин узартты.
Түркия аймактык кагылышуудан улам Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөргө учууга тыюу салууларды узартты
Түркия аймактык кагылышуудан улам бир нече Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө аба каттамдарын токтотууну узартты. / Reuters

Түркия Республикасынын Транспорт министри Иран, АКШ жана Израилдин ортосунда уланып жаткан кагылышууларга байланыштуу коопсуздук коркунучтарынын күчөшүнөн улам Жакынкы Чыгыштын айрым багыттарына карата каттамдардын 9-мартка чейин токтотулганын билдирди.

Абдүлкадир Уралоглу жума күнү Түркиянын социалдык медиа платформасы Nsosyalда берген билдирүүсүндө аймактык аба мейкиндигиндеги кырдаалдын тыкыр көзөмөлдө экенин айтып, Иран, Израиль, Ирак, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Сирияда (Халебден тышкары) аба мейкиндигин жабуу уланып жатканын белгиледи.

Министр Оман, Иордания жана Сауд Арабиясында каттамдардын жарым-жартылай иштеп жатканын, Бириккен Араб Эмирликтеринде аба каттамдары чектелген тартипте жана катуу көзөмөл астында ишке ашырылып жатканын айтты.

Транспорт министри коопсуздук маселелеринен улам түрк авиакомпаниялары буга чейин Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга каттамдарын 6-мартка чейин токтотконун бирок, 6 – марттан тарта Түрк аба жолдору (THY), AJet, Pegasus жана SunExpress авиакомпанияларынын Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга карата каттамдары 9-марттын аягына чейин токтотулду.

Уралоглу: «Андан тышкары, Pegasus аба жолдору 12-мартка чейинки Иран каттамдарын, ал эми Түрк аба жолдору 20-мартка чейинки каттамдарын графиктен чыгарды», - деди.

Министр аба мейкиндиктериндеги кырдаалга байланыштуу күнүмдүк баа берүүлөрдүн алкагында Катар, Кувейт, Бахрейн жана БАЭге каттамдар жума күнү ишке ашпай турганын билдирип: «Стамбул аэропортунда 4, Мугла Даламан аэропортунда 2 жана Анкара Эсенбога аэропортунда 1 Ирак авиакомпаниясынын учагы турат. Жалпысынан 7 учактын аэропорттордо туруусу  боюнча маселе тиешелүү бөлүмдөр менен координацияланган түрдө көзөмөлгө алынууда",- деди.

Уралоглу Тегеран аэропортунда Түрк аба жолдоруна (THY) жана Pegasus авиакомпаниясына таандык эки учак, ал эми Иракта «Tailwind Airlines» компаниясынан ижарага алынган бир учак бар экенин белгиледи.

Бир тараптан министр Нахчыван эл аралык аэропортундагы дрон окуясынан кийин Азербайжан аба жолдоруна таандык эки жүргүнчү ташуучу учак багытын өзгөртүп, Ыгдырдагы Шейит Бүлент Айдын аэропортуна конгонун, жүргүнчүлөрдүн ал жерден коопсуз түрдө кургактык аркылуу Нахчыванга жеткирилгенин айтты.

Уралоглу: «Аймактагы кырдаал тиешелүү түзүмдөрүбүз тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле аба мейкиндигинде жана аэропорттордо болушу ыктымал болгон өзгөрүүлөргө ылайык, тиешелүү бөлүмдөр менен координациялуу түрдө иштер улантылууда», — деди.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту