ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Жакынкы Чыгышта жайылып жаткан кагылышуудан улам 'чоң гуманитардык өзгөчө кырдаал' жарыялады
Жапа тарткан аймактарда азыркы учурда 25 миллион адам баш калкалоо, ички жайгашкан адамдар же чет жактан жакында кайткан качкындар катары жашайт.
БУУ Жакынкы Чыгышта жайылып жаткан кагылышуудан улам 'чоң гуманитардык өзгөчө кырдаал' жарыялады
БУУнун Качкындар боюнча агенттиги региондогу жабыркаган өлкөлөргө өмүр сактап калуучу жардам жеткирүүгө аракет кылып жаткан, - дейт Ито. / Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы  (UNHCR) Жакынкы Чыгыштагы кризисти чоң гуманитардык өзгөчө кырдаал деп жарыялап, кагылышуудан качкандар үчүн коопсуз өтүүнү талап кылды.

 Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы  ишемби күнү  Израиль менен АКШнын Иранга карата чабуулдары менен башталган жана ал күндөн бери жайылып бараткан Жакынкы Чыгыш кризисинин  азыртадан көп сандаган кишинин үйлөрүн таштап кетүүсүнө жол ачканын айтты.

БУУнун качкындар боюнча агенттигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча жетекчиси жана аймактар аралык качкындарды координациялоочу Аяки Ито жума күнү Женевада өткөн маалымат жыйынында: " Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы   Жакынкы Чыгышта күчөп бараткан кризисти аймак боюнча тез арада жооп кайтарууну талап кылган чоң гуманитардык өзгөчө кырдаал деп жарыялады", - деди.

Ал ошондой эле акыркы учурдагы кагылышуулардын жана чабуулдардын күчөшү калктын чоң миграциясына алып келгенин, өзгөчө Афганистан менен Пакистандын арасындагы кагылышуулар да миңдеген үй-бүлөнү качууга мажбурлаганын кошумчалады.

 Миллиондогон качкын

Ито билдиргендей, жабыркаган аймактарда качкындар, ички жер которгондор же жакында эле чет өлкөдөн кайтып келген качкындар болгон болжол менен 25 миллион адам бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын аймакта жабыр тарткан өлкөлөргө жардам жеткирүүгө аракет кылып жатканын айтты.    

Ито чек арадан өтүшү керек болгон бардык жарандардын "коопсуздукту табуусу жана коопсуз өтүү үчүн мүмкүнчүлүккө жетиши" өтө маанилүү экенин белгиледи.

Жума күнү Иран менен Ливанда жаңы кол салуулар болду. Израиль болсо жалпы аймакта жана аймак тышында ылдам жайылган Жакынкы Чыгыш согушун жаңы фазага көтөрүүгө убада берди.

 

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек