ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Шараа: Сириянын биримдиги аймактык коопсуздуктун негизги элементи
Президент Ахмед Шара: "Нью-Йоркко болгон сапарым Сириянын эл аралык коомчулукка кайтып келишин билдирет", - деп билдирди.
Шараа: Сириянын биримдиги аймактык коопсуздуктун негизги элементи
Сириянын президенти Ахмед ал-Шараа. / Reuters

Шаршемби күнү жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Сириянын президенти Ахмед Шараа Сириянын биримдигин сактоонун маанисин кайталап, бөлүнүүнүн коңшу өлкөлөргө зыян келтирерин эскертти.

Мамлекеттик телеканал Al-Ikhbariya TV Шараанын Нью-Йорктогу Жакынкы Чыгыш институтуна берген интервьюсунда: «Сирия биримдиги биздин коопсуздук жана туруктуулук саясатыбыздын өзөгүн түзөт», - деп билдирди.

Сириянын аймактагы маанилүү ролуна токтолгон Шараа: «Кандайдыр бир бөлүнүү коңшу өлкөлөргө зыян келтирет жана аймактык коопсуздукту бузат. Вашингтон СДГнын Сирия күчтөрү менен интеграциялашуусуна жардам бере алат",- деди.

Түштүктөгү Сувейда провинциясында болгон кагылышууларга токтолгон Шараа: "Бардык тараптар айрым катачылыктарды кетиришти. Биз макулдашууну тандадык",- деп баса белгиледи.

Сириянын президенти Израиль менен ыктымалдуу коопсуздук келишимине жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттердин жүрүп жатканын ырастап :«Израиль менен кандайдыр бир келишим тууралуу ийгиликтин болушу аймакта тынчтыкты жайылтууга жол ачат», - деди.

«Израиль 1974-жылдагы Күчтөрдү бөлүштүрүү келишиминде каралгандай эл аралык күчтөрдүн жайгаштырылышын кабыл алышы керек», - деген Шараа Сириянын мурунку абалына кайтуу эч кимдин кызыкчылыгына туура келбей турганын кошумчалады.

Өткөн жылдын декабрь айында Асад режими кулагандан кийин Израиль Сириянын ар тарабындагы аскердик буталарга, анын ичинде согуштук учактар, ракеталык системалар жана абадан коргонуу объектилерине жүздөгөн чабуул жасады.

Израиль ошондой эле Сириянын Голан дөңсөөлөрүндөгү демилитаризацияланган буфердик зонасын басып алып, 1974-жылы Сирия менен түзүлгөн Күчтөрдү бөлүү келишимин бузду.

Дамаск бардык өлкөлөргө карата бирдей аралыкты сактоо саясатын улантып, Шара: "Менин Нью-Йорк сапарым Сириянын эл аралык коомчулукка кайтып келишин билдирет" деди.

Сириянын лидери Нью-Йоркко 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөө үчүн барган. Ушундайча 1967-жылдан бери биринчи жолу Сириянын мамлекет башчысы БУУга кайрылуу максатында сапарды ишке ашырды.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды