Россиянын президенти Владимир Путин бейшемби күнкү билдирүүсүндө дүйнөнүн эми эч бир күч эрежелерди жалгыз белгилей албай турган «көп уюлдуу мезгилге» киргенин айтып, Европаны аскердик күчтөрдү чогултуу пландары тууралуу эскертти. Путин өзгөчө АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тууралуу сунуштарына шарттуу колдоо көрсөтүп, Украина согушун улантуунун жоопкерчилигин батыштык мамлекеттерге жүктөдү.
"Валдай форумундагы талкуулар дүйнөдөгү кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу баалоого мүмкүнчүлүк берет," - деп билдирди Путин, көп уюлдуулук "сапаттык жактан жаңы көрүнүш" экенин жана мүмкүнчүлүктөрдү да, тобокелдиктерди да камтый турганын белгилеп:"Эч ким алыскы бир жерде бир адам койгон эрежелер боюнча ойноого даяр эмес," - деп айтты.
Көп уюлдуу дүйнө жана глобалдык башкаруу
Путин көп уюлдуу дүйнө моделинин демократиялык экендигин анткени “көп сандагы саясий жана экономикалык актерлор” жыйынтыктарга таасир бере аларын ырастады.
"Балким, дүйнөлүк аренада аймактык жана глобалдык процесстерге таасир эткен же таасир этүүгө аракет кылган өлкөлөр мынчалык көп болбогондур," - деп айткан Путин, бул шартта чечимдердин кеңири консенсуска негизделиши керектигин баса белгилеп:"Ар кандай чечим бардык кызыкдар тараптарды же көпчүлүгүн канааттандырган макулдашуулардын негизинде гана мүмкүн. Болбосо, ал ишке ашырууга мүмкүн болгон чечим болбойт," – деди.
Батыш жетектеген институттар “баштапкы миссиясынан четтеп, маанисин жоготуп”, “саясий лекция аянтчасына” айланганын белгилеген орус лидери БРИКС жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдарды мактап, алардын иш-аракеттери чыныгы консенсуска жана мүчөлөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукка негизделгенин белгиледи.
Европа, НАТО жана коопсуздук
Путин сөзүндө Европага олуттуу орун бөлүп, аны өз элиталары ички кризистерин жашыруу үчүн Россиядан келген коркунучтарды ойлоп тапкан континент катары сүрөттөдү.
Европалык лидерлердин «душман имиджин шиширгенин» айткан Путин Европа жарандарынын карызы көбөйүп, миграция көйгөйлөрү жана «социалдык коопсуздук кризиси күчөп» жатканын белгиледи.
Путин : «Европадагы көпчүлүк адамдар эмне үчүн Россиядан коркушу керектигин жана бул кырдаал менен күрөшүү үчүн эмне себептен курларын бекем тартып, өз кызыкчылыктарын унутуулары керектигин түшүнбөй жатат»,- деди.
Путин Россиянын НАТОго кол салуу пландары тууралуу айтылгандарды "акылсыздык" жана "ишенүүгө мүмкүн эмес" деп мүнөздөп, аскер чогултуу тууралуу эскертип : «Европада күчөп бара жаткан милитаризацияны жакындан изилдеп жатабыз. Россиянын бул коркутууларга бере турган жообу кечикпейт. Бул коркутууларга берле турган жооп жумшак айтканда ынандыруучу болот»»,- деди.
Путин Россиянын эч качан «аскердик кагылышууну баштабаганын» баса белгиледи бирок Россия Федерациясынын тарых көрсөткөндөй, "алсыздыкка жол берилбейт, анткени бул биз менен байланышкан бардык маселелерди күч колдонуу менен чечүүгө болот деген иллюзияны жаратат".
Украина согушу
Украина согушуна да токтолгон Путин азыркы учурдагы кырдаалды: «Украина трагедиясы... Украиналыктар менен орустар үчүн баарыбыз үчүн оор»,- деди.
Москванын Батыш өлкөлөрүн Украинаны "көзөмөлдөө аянттарын кеңейтүү үчүн бир курал» катары колдонуп келе жатат деген тезисин кайталаган Путин Киевдин "жок кылууга боло турган материалга" айландырылганын айтты.
Путин АКШнын мурданы башкарууларынын башка мамиле жасап, НАТО Россиянын чек араларына карай келбегенде кагылышууну алдына алууга болорун белгиледи.
Путин Россиянын майданда стратегиялык демилгени кармап турганын жана бир нече аймактарда ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, Киевди сүйлөшүүгө чакырып: "Киев режими келишимге жетүү үчүн эмне кыла аларын ойлонушу керек. Биз бул маселени бир нече жолу талкуулап, келишим боюнча сунуштарды киргизгенбиз",- деди.
Россиянын жетиштүү жумушчу күчү бар экенин жана жоготууларынын Украинаныкынан “бир топ аз” экенин белгилеген Путин, Кытай, Индия, Сауд Арабиясы жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттерине канааттанганын билдирип, Европаны кагылышууну атайылап курчутуп жатат деп айыптап: “Тилекке каршы, кагылышууну токтотуу азырынча мүмкүн эмес бирок бул үчүн өзгөчө чоң жоопкерчилик Европанын мойнунда»,- деди.
АКШ менен карым - катнаштар
Вашингтон менен алакага карата прагматикалык өң-түс келтирген Путин АКШнын азыркы башкаруусунун өздөрү менен түз байланышта болгонун белгилеп: «Дайыма бүдөмүк маалыматтарга таянып болжого аракет кылгандан көрө, башка адам эмне каалап жатканын так түшүнүү жакшы», - деди.
Россия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо укугун сактаганын жана алардын бири "АКШ менен толук кандуу мамилелерди кайра куруу" экенин кошумчалаган орус лидери: "Канчалык айырмачылыктар болбосун, бири-бирибизди сыйласак, эң татаал соодалашуулар да акыры бир пикирге келет", - деп билдирди.
Газа жана Жакынкы Чыгыш
Путин Газадагы кагылышууга да токтолуп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды “заманбап тарыхтагы үрөй учурган окуя” деп белгилеп БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин да Газаны «дүйнөдөгү эң чоң балдар көрүстөнү» деп сыпаттаганын эске салды.
Путин Трамптын демилгелерине баа берип: «Бул туннелдин аягына жарык алып келиши мүмкүн",- деди.
Путин Газаны көзөмөлдөөнү Палестинанын президенти Махмуд Аббаска өткөрүп берүү "артыкчылыктуу вариант" болорун жана Трамптын Газадагы бардык барымтадагыларды бошотуу жана Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды бошотуу идеясы "колдоого арзый турганын" айтып, бардык планды Хамас менен бирге бардык палестиналыктар жана кеңири ислам дүйнөсү кабыл алышы керектигин баса белгиледи.














