ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран Төңкөрүш Гвардиясы "согуштун бүтүшүн өздөрү белгилей турганын" билдирди
Билдирүү Трамптын Иран согушунун жакында бүтөрүн айтуусунан кийин жасалды. Төңкөрүш Гвардиясы болсо Трампты Иран армиясы тууралуу "жалган дооматтарды" жайылтуу менен айыптады.
Иран Төңкөрүш Гвардиясы "согуштун бүтүшүн өздөрү белгилей турганын" билдирди
Революциялык Гвардия Трампты Ирандын аскерлери тууралуу жалган дооматтарды жайылтуу менен айыптады. / Reuters

Иран Төңкөрүш Гвардиясы АКШнын президенти Дональд Трамптын кагылышуунун жакында бүтүшү мүмүкн экенин айтуусунан кийин Жакынкы Чыгышта «согуштун бүтүшүн өздөрү белгилей турганын» билдирди.

Шейшемби күнү жасалган бир билдирүүдө Төңкөрүш Гвардиясы : «Согуштун бүтүшүн биз белгилейбиз. Аймактын теңдемеси жана келечектеги статусу мындан ары биздин куралдуу күчтөрдүн колунда; Америкалык күчтөр согушту токтото албайт», — деген пикир билдиришти.

Бул сөздөр Трамптын Жакынкы Чыгыштагы согуштун тез арада бүтөөрү тууралуу айткандарына жооп катары айтылды.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары берген башка билдирүүдө, Төңкөрүш Гвардиясы эгер АКШ менен Израилдин чабуулдары улана берсе, Тегеран аймактан мунай экспорттоого жол бербей турганын эскертти.

Гвардиянын катчысы өлкөгө каршы чабуулдар токтобосо, «бир литр да мунай» экспорттоого уруксат берилбей турганын айтты.

Чыңалууну күчөткөн сөз

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран эгерде Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташууну токтотууга аракет кыла турган болсо, Иранга дагы катуу жооп кайтарарын айтып коркутту. Ал кысыктагы мунай агымына тоскоолдук кыла турган кандай гана кадам болбосун, Ирандын «өлүм, от жана каардануу» менен бетме-бет келишине себеп болорун билдирди.

Мындан тышкары, Трамп эгер Иран кысык аркылуу мунай ташууну үзгүлтүккө учурата турган болсо, жасала турган чабуулдардын «жыйырма эсе күчтүү» болорун эскертти.

Бир тараптан Иран Төңкөрүш Гвардиясы аймакта АКШнын 10 заманбап радар системасын жана бир катар кымбат баалуу учкучсуз аппараттарын жок кылганын жарыялады.

Төңкөрүш Гвардиясы Трампты «Ирандын аскердик күчү алсырады» деген жалган билдирүүлөр менен коомчулукту адаштырууга жана согушту басаңдатууга аракет кылуу менен айыптады. Ошондой эле, Төңкөрүш Гвардиясы Ирандын ракета учуруулары азайды деген маалыматтарды четке кагып, өлкөнүн салмагы бир тоннадан ашкан күчтүү ракеталарды учуруп жатканын баса белгиледи.

 

 

 

 

 

Иликте
Иран: Трамп согушту кайра баштаса, бул АКШ үчүн согуштун биринчи күнүнө караганда да оор болот
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда операция жүргүзүп, 10 ДЕАШ мүчөсүн Түркияга алып келди
"Түркия кылымында инвестиция жана каржы" китеби басылып чыкты
Иран: Сүйлөшүүлөрдө жакынкы жумаларда же айларда так жыйынтыкка жетишүү күтүлбөйт
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды